МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ӨНҮКТҮРҮҮ ҮЧҮН ЖЕКЕ ЖАКТАРГА ЖЕҢИЛДЕТИЛГЕН КРЕДИТ БЕРИЛЕТ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

26 Сентябрь 2025 ж. 19:00

Көрүлдү: 884

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы №594 токтому менен «Мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген кредит – 2» долбоору бекитилди.

post.title

Долбоор мектепке чейинки билим берүү уюмдарында орундардын жетишсиздигин жоюу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну кеңейтүү максатын көздөйт.

Долбоордун экинчи этабы боюнча жеңилдетилген кредиттер жеке жактарга 2025-жылдын декабрына чейин берилет.

Жеңилдетилген кредит алуу үчүн алгач Агартуу министрлигинин комиссиясынан өтүү керек. Ал үчүн Агартуу министрлигине төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:
- министрдин атына арыз;
- Мектепке чейинки билим берүү уюмунун концепциясын, форматын, долбоордук кубаттуулугун, негизги каражаттарын, кызматкерлерин жана балдарга түзүлгөн шарттарын чагылдырган бизнес-план;
- Долбоордук-сметалык документтер.

Экинчи этапта “Элдик Банктын” жана “Айыл Банктын” комиссиясынан өтүү зарыл. 

Жеңилдетилген кредит алууну каалагандар арыздарын министрликке тапшырса же edu@mail.gov.kg электрондук почта дарегине жөнөтсө болот.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар