Автор: Маалыматтык саясат сектору
26 Сентябрь 2025 ж. 14:49
Көрүлдү: 634
2025-жылдын 26-27-сентябрында Бишкек шаарында алгачкы кыргыз тарыхчыларынын бири Осмонаалы Сыдык уулунун 150 жылдыгына арналган «Түрк дүйнөсүнүн агартуучулук кыймылынын алкагында Осмонаалы Сыдык уулунун мурасы» аттуу эл аралык конференция өтүүдө.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов, Президенттин кеңешчиси Арслан Койчиев, агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, Эл аралык Түрк академиясынын президенти Шахин Мустафаев, Түрк мамлекеттер уюмунун Аксакалдар кеңешинин мүчөсү Апас Жумагулов, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору Алпаслан Жейлан, ошондой эле “Манас” улуттук академиясынын өкүлдөрү жана АКШ, Россия, Азербайжан, Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстандын илимпоздору жана коомдук ишмерлери катышууда.
Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева конференциянын ачылышында сөз сүйлөдү. «Эгерде биз түпкү тарыхыбызды, кыргыз элинин улуттук тарыхын түптөгөн инсандарды билбесек, келечектеги тарыхыбызды да кура албайбыз. Осмонаалы Сыдык уулунун майтарылбас эрки жана башынан өткөн оор күндөрү жаш муундар үчүн үлгү болот. Бизди кубандырганы – анын түрк дүйнөсүндөгү атактуу инсандардын катарына кирип, илимий изилдөөлөрдө артыкчылыктуу багытка айлангандыгы», – деди министр.
Ошондой эле ал Кыргызстанды өнүктүрүүгө багытталган жаңы муундагы улуттук тарыхый баалуулуктарды калыптандыруу үчүн улуттук эгемендүүлүккө негиз болгон тарых китебин жазуу аракети башталарын жана кыргыз окумуштууларынын, тарыхчыларынын пикирлерин угууга ачык экенин билдирди.
Белгилей кетсек, эл аралык конференция Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги, Эл аралык Түрк академиясы жана “Манас” улуттук академиясы тарабынан биргеликте уюштурулган.
Иш-чаранын алкагында катышуучулар 27-сентябрда “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине жана “Бурана” тарыхый-архитектуралык музейине зыярат кылышат.