МЕКТЕПТЕРДЕ «КҮНДӨЛҮК» АВТОМАТТАШТЫРЫЛГАН МААЛЫМАТТЫК СИСТЕМАСЫ КИРГИЗИЛДИ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

25 Сентябрь 2025 ж. 21:31

Көрүлдү: 960

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги 2025-2026-окуу жылынан тартып өлкөнүн мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарында «Күндөлүк» автоматташтырылган маалыматтык системасын ишке киргизди.

post.title

«Күндөлүк» АМСти ишке киргизүүнүн негизги максаты билим берүү уюмдарында эсепке алуу, талдоо жана маалыматты сактоо процесстерин автоматташтыруу аркылуу билим берүү процессин башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, бардык катышуучулардын (мектеп администрациясы, мугалимдер, окуучулар, ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр), билим берүүнү башкаруу органдары) ортосунда ачык-айкындыкты, жеткиликтүүлүктү жана өз убагында өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу, ошондой эле кагаз түрүндөгү документ жүгүртүүнү кыскартуу болуп саналат.

«Күндөлүк» АМС төмөнкүдөй негизги функцияларды аткарат:

  1. Окуучулардын учурдагы жана жыйынтыктоочу жетишкендиктери жөнүндө маалыматты электрондук түрдө эсепке алуу жана сактоо;
  2. Сабактын темаларын, үй тапшырмаларын, көзөмөл формаларын чагылдыруу жана түзөтүү;
  3. Сабакка катышуусун жана тартип боюнча эскертүүлөрдү белгилөө;
  4. Окуучунун класстан класска, мектептен мектепке которулушун чагылдыруу менен бирге анын электрондук өздүк делосун түзүү;
  5. Мугалимдердин окутуу жүгүн эсепке алуу, мектептин окутуу нөөмөтүн, жеткиликтүү кабинеттерди жана башка шарттарды эске алуу менен автоматташтырылган сабактардын ырааттамасын түзүү;
  6. Ата-энелерди (мыйзамдуу өкүлдөрдү) окуучунун жыйынтыктары, сабакка катышуусу, сабактын ырааттамасы, алмашуулар жана билим берүү процессинин мазмуну (сабактын темалары, үй тапшырмалары) жөнүндө жеке жана топтук билдирүүлөр аркылуу кабардар кылуу;
  7. Ички жана тышкы колдонуу үчүн аналитикалык жана статистикалык отчётторду түзүү.

Белгилей кетсек, «Күндөлүк» АМСтин ээси – Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги. Ал билим берүү процессинин бардык катышуучулары: мугалимдер, окуучулар жана ата-энелер үчүн акысыз.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар