Автор: Маалыматтык саясат сектору
25 Сентябрь 2025 ж. 11:53
Көрүлдү: 1357
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына конкурстук тандоо жүргүзөт.
Талапкерлердин арыздарын жана конкурстук документтерди каттоо ушул жылдын 25-сентябрында башталып, 8-октябрында аяктайт.
Конкурстук тандоону Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти өткөрөт.
Өтүнмөлөр билим берүү уюму кайсы аймакка таандык экенине жараша төмөндөгү электрондук почта даректери аркылуу кабыл алынат:
doo.talas@drko.kg
doo.naryn@drko.kg
doo.g.osh@drko.kg
doo.chui@drko.kg
doo.ja@drko.kg
doo.batken@drko.kg
doo.osh@drko.kg
doo.ik@drko.kg
doo.bishkek@drko.kg
Бош кызмат орундарынын тизмеси:
Бош кызмат орундарынын тизмеси Чүй облусунун Сокулук районунун Асылбаш айылындагы “Бөбөк нуру” бала бакчасы менен толукталды.
Кошумча маалыматты Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаментинин төмөнкү телефон номерлери аркылуу алууга болот: 0503 610150, 0550 610150, 0551 405057, 0500 066177