Автор: Маалыматтык саясат сектору
22 Сентябрь 2025 ж. 18:57
Көрүлдү: 699
Бүгүн, 22-сентябрда, «Сейтек» балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук борборунда «Жылдын мыкты мугалими» республикалык конкурсуна катышкан мугалимдерге диплом жана төш белгилер тапшырылды.
«Жылдын мыкты мугалими» конкурсуна жогорку кесиптик чеберчилигин көрсөткөндүгү үчүн диплом жана төш белгилерди Кыргыз Республикасынын Агартуу министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев тапшырды.
М. Баймурзаев педагогдорду билим берүү тармагындагы эң сыймыктуу жана жоопкерчиликтүү сынактардын бири – «Жылдын мыкты мугалими» конкурсунун республикалык этабынын ачылышы менен куттуктап, мындай деди: «Кыргыз элинин улуу этнопедагогдорунун бири Нурмолдо: “Мугалими Күндөй турса чачырап, окуучусу гүлдөй болуп ачылат”, – деп айткан. Сиздердин ар бир сабагыңыздар, жылуу сөзүңүздөр, жаркын маанайыңыздар балдардын демине дем кошуп, келечегине жол ачып, өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошот. Ушул улуу миссияны аркалап, талыкпаган эмгек менен жаш муундарды тарбиялап келе жаткан сиздерге терең ыраазычылык билдирем».
Иш-чара концерттик программа менен уланып, катышуучулардын жарпы жазылды.
Белгилей кетсек, конкурс Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-декабрындагы №703 токтомуна ылайык уюштурулуп, облустук жана шаардык этаптардын жыйынтыгы боюнча тандалып алынган 111 мугалим катышты.
Финалдык этапка өткөн мугалимдер видео-презентация жана портфолио аркылуу кесиптик тажрыйбасын көрсөтүп, санариптик көндүмдөрдү пайдалануу менен мастер-класс өтүшөт.
Жыйынтыгында эң мыкты деп табылган 4 педагог акчалай сыйлык жана диплом менен сыйланат. Калган катышуучулар сертификат алышат.
Конкурстун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи Мугалимдер күнүн утурлай, 3-октябрда, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт.