Автор: Маалыматтык саясат сектору
20 Сентябрь 2025 ж. 13:52
Көрүлдү: 592
Бүгүн, 20-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин борбордук аппаратынын кызматкерлери, ошондой эле министрликке караштуу «Кут Билим» медиа борборунун, «Окуу китеби» басма үйүнүн жана Борборлоштурулган бухгалтериянын кызматкерлери ишембиликке чыгышты.
Кызматкерлер Бишкек–Кара-Балта жолу боюнча МАИ постунан тартып жүк ташуучу унаалардын салмак көзөмөл пунктуна чейин (Гавриловка айылы) санитардык тазалоо иштерин жүргүзүштү.
Ишембилик Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н. Жапаровдун 2022-жылдын 6-сентябрындагы № 305 «Улуттук тазалык күнү жана 2023–2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө» Жарлыгына ылайык өткөрүлдү.