ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА «МАНАС» УНИВЕРСИТЕТИНИН 30 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН САЛТАНАТТУУ ИШ-ЧАРАГА КАТЫШТЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

18 Сентябрь 2025 ж. 12:44

Көрүлдү: 498

2025-жылдын 17-сентябрында Т. Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев жана Түркия Республикасынын вице-президенти Жевдет Йылмаз катышкан Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

post.title

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева да катышып, Кыргыз-Түрк «Манас» университети Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы достуктун жана кызматташтыктын символу экенин белгиледи.

«Эки элдин боордоштук байланышын чыңдоо менен катар, бул университет эл аралык билим берүү мейкиндигинде да кадыр-баркын арттырып келе жаткан алдыңкы окуу жай болуп саналат. Өткөн отуз жыл ичинде университет жогорку билим берүү тармагында алдыңкы ордун ээлеп, миңдеген жаштарга татыктуу билим жана сапаттуу тарбия берип, коомубуздун өнүгүшүнө зор салым кошуп келе жатат. Университеттин бүтүрүүчүлөрү бүгүнкү күндө мамлекетибиздин экономикасында, илимде, маданиятта жана эл аралык мамилелерде активдүү эмгектенип, өлкөбүздүн сыймыгына айланып келишет», – деди министр.

Ошондой эле ал университеттин окутуучуларынын талыкпас эмгеги, илимий изилдөөлөрү жана жаштарды келечекке даярдоо боюнча аракеттери абдан баалуу экенин баса белгиледи. Көп жылдык үзүрлүү эмгеги, билим берүү тармагына кошкон салымы жана жаш муундарды окутуп-тарбиялоодогу жетишкендиктери үчүн бир катар окутуучуларды Агартуу министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйлады.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар