Автор: Маалыматтык саясат сектору
18 Сентябрь 2025 ж. 9:48
Көрүлдү: 634
Бүгүн, 17-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Дастан Бекешев жана Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Бишкек шаарындагы мектеп директорлорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басарларына «Алтын Казык» ноутбуктарын тапшырышты.
Иш-чарага Бишкек шаарынын 120 мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басарлары катышты.
Министр Д. Кендирбаева мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун билим берүү системасын санариптештирүү боюнча башкы максаттарынын бири мугалимдерди ноутбуктар менен камсыз кылуу болгонун белгиледи.
“Бул жөн эле ноутбук эмес. Анын ичинде окуу китептеринен тартып бардык предметтердин методикалык колдонмолору жана заманбап санариптик платформалар камтылган. Жыл аягына чейин жалпысынан 60 миң мугалимди ноутбук менен камсыз кылууну пландап жатабыз. Бүгүн, каалайбызбы, каалабайбызбы, дүйнө санариптик чөйрөгө өттү, артка кайтуу мүмкүн эмес. Санариптик көндүмдөрдү жана жасалма интеллектти пайдалануу менен мугалимдердин билим берүү кызматтарынын сапатын жогорулатуу — биздин негизги багытыбыз”, – деди министр.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Дастан Бекешев: «Ооба, кыйынчылыктар бар, бирок биз азыр буга кадам шилтеп, президент да бул багытты толук колдоп жаткан соң, биз да аны колдошубуз керек. Башкысы – ушул курстан тайбашыбыз зарыл. 12 жылдык система ишке ашып, бүгүнкү көйгөйлөр тез арада чечилет деп ишенем. Агартуу министрине чың ден соолук, чыдамкайлык каалайм. Менде эч кандай жеке доомат жок, тескерисинче, министрдин аракеттери ийгиликтүү болушун тилейм. Ошондой эле жалпы команданын алдыдагы бардык сыноолордон ийгиликтүү өтүшүн каалайм», – деди.
Белгилей кетсек, буга чейин 27 миң даана ноутбук аймактарга жеткирилип, алар салттуу түрдө жаңы окуу жылы башталганга чейин жер-жерлерде өткөрүлүүчү педагогикалык кеңешмелерде STEM предметтеринин мугалимдерине тапшырылган.