Автор: Тарбиялоо жана мектептен тышкаркы билим берүү бөлүмү
17 Сентябрь 2025 ж. 19:29
Көрүлдү: 312
Ушул жылдын 12-сентябрында Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин кызматкерлери Түркмөнстан Республикасынын борбору Ашхабад шаарында өткөн «Ден соолук жана туруктуу өнүгүү тынчтыкка карай жол» аталышындагы Борбор Азиялык жаштар форумуна катышты.
Форумда Агартуу министрлигинин тарбиялоо жана мектептен тышкаркы билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси А. Эркимбеков баяндама жасап, мындай деди: «Азыркы учурда санариптик платформалар жана жасалма интеллект билим берүү системасында алдын алуу (профилактика) иштеринин күчтүү куралына айланууда. Санариптик платформаларды жана жасалма интеллектти туура жана рационалдуу пайдалануу менен өспүрүмдөрдө жана жаштарда туруктуу баалуулук багыттарын жана сынчыл ой жүгүртүү көндүмдөрүн калыптандырса болот».
Анын айтымында, азыркы учурда Кыргызстанда жасалма интеллекттин жардамы менен кыска мөөнөттүү социалдык видеотасмаларды тартып, жайылтуу натыйжалуу ыкмалардын бири болуп келүүдө. Себеби видеотасмалар аймактын өзгөчөлүктөрүн, аудиториянын жаш курагын жана кызыкчылыктарын эске алуу менен таркатылат. Бул видеотасмалар жаштар менен коммуникацияны жакшыртууга, аларды талкууга тартууга жана мазмундуу, реалдуу, суроо-талапка ылайык келген материалдарды чыгарууга мүмкүндүк берет.
Видеотасмаларга шилтемелер:
- https://www.instagram.com/share/BBF6qEkaZI
- https://www.instagram.com/share/BASTLOpZqe
- https://www.instagram.com/share/BAIRufJCTA
- https://www.instagram.com/share/BAIEQESccW
Ошону менен бирге укук бузуулардын алдын алуу (профилактика) максатында министрлик тарабынан иштелип чыккан «Э-күндөлүк» уюлдук тиркемеси өтө актуалдуу болууда. Себеби тиркеменин ичинде «Коркпо! Билдир!» аталышындагы бөлүк камтылып, окуучулардын жашыруун кайрылууларды жөнөтүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүлгөн жана келип түшкөн кайрылууларга тиешелүү мамлекеттик органдар менен кызматташтыкта жооп берилет.
Жасалма интеллектти колдонууда дагы тобокелдиктер абдан көп, ошондуктан ар бир мамлекет өзүнүн улуттук деңгээлде иштелип чыккан тиешелүү документтери менен жөнгө салынышы зарыл.