МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮДӨ ВАУЧЕРДИК МЕХАНИЗМ БОЮНЧА ЖЕКЕ МЕНЧИК БАЛА БАКЧАЛАРДЫН ЖЕТЕКЧИЛЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ ӨТТҮ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

17 Сентябрь 2025 ж. 17:18

Көрүлдү: 459

Ушул жылдын 16-сентябрында Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин демилгеси менен “Санарип билим берүү борбору” мамлекеттик мекемесинин жана жеке менчик бала бакчалардын ассоциациясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда мектепке чейинки билим берүү кызматтарын каржылоонун ваучердик механизми боюнча жолугушуу болуп өттү.

post.title

Жолугушуунун негизги максаты ваучердик механизмди ишке ашыруу тартибин, катышуу шарттарын жана техникалык аспекттерин кеңири түшүндүрүү болду. Катышуучулар өз суроолоруна жоопторду ала алышты.

Белгилей кетсек, ваучердик механизмге жеке менчик мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын катышуусу толугу менен ыктыярдуу негизде жана алардын демилгеси менен гана жүзөгө ашырылат.

Мындай жолугушууларды мындан ары башка региондор үчүн онлайн форматта өткөрүү пландалууда. Бул өз ара өнөктөштүк мамилелерди бекемдөөгө жана мектепке чейинки билим берүү системасын мындан ары өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар