Автор: Маалыматтык саясат сектору
15 Сентябрь 2025 ж. 10:05
Көрүлдү: 573
Бүгүн, 15-сентябрда, Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылындагы «Санат» мугалимдердин ден соолукту чыңдоо борборунда «Жаңылыктын жарчысы» аттуу педагогикалык форум башталды.
Форумга өлкөнүн жалпы билим берүү уюмдарынын директорлорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басарлары жана методикалык борборлордун кызматкерлери катышууда.
Иш-чара модулдук форматта уюштурулуп, катышуучуларга жаңы окуу жылына даярдыктын негизги багыттарын терең өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк берүүдө. Анын алкагында педагогдор:
- жаңыланган Мамлекеттик билим берүү стандартын жана предметтик стандарттарды ишке ашыруу;
- жаңы окуу программалары жана окуу китептери;
- окуучулардын жетишкендиктерин баалоонун жаңы ыкмалары;
- мугалимдерди кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча жаңыланган курстарды уюштурууну ырааттуу жана терең өздөштүрүү боюнча тажрыйба топтошот.
Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Назира Дюшеева форумда мугалимдер үчүн 12 жылдык билим берүүгө өтүп жаткан 1–2-класстар жана 5–7-класстар боюнча жаңы окуу китептери жана окуу программалары тууралуу кеңири маалымат берилерин белгиледи.
“Кыргыз билим берүү академиясынын сайтында (kao.kg) 12-класска чейинки 63 предметтик стандарт жана ар бир предмет боюнча 63 окуу программасы жайгаштырылган. Базистик окуу пландары 11 жылдык жана 12 жылдык билим берүү системасы үчүн иштелип чыккан. Мындан тышкары 41 календардык-тематикалык план орус тилинде, 42 календардык-тематикалык план кыргыз тилинде даярдалган”, – деди Н. Дюшеева.
Белгилей кетсек, форумга республика боюнча жалпысынан 600 педагог катышып жатат.