МИНИСТР ЫСЫК-КӨЛДӨ ӨТӨ ТУРГАН «ЖАҢЫЛЫКТЫН ЖАРЧЫСЫ» ПЕДАГОГИКАЛЫК ФОРУМУНУН КАТЫШУУЧУЛАРЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

14 Сентябрь 2025 ж. 19:13

Көрүлдү: 538

Бүгүн, 14-сентябрда, Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылындагы «Санат» мугалимдердин ден соолукту чыңдоо борборунда өтө турган «Жаңылыктын жарчысы» аттуу педагогикалык форумдун катышуучулары менен Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева жолугушту.

post.title

Министр катышуучуларга кайрылып, жаңы муундагы Мамлекеттик билим берүү стандарты жана предметтик стандарттарынын киргизилиши тууралуу сөз кылды. Ал белгилегендей, жүз жылдан кийин билим берүү системасын жаңылоо зарылчылыгы келип чыкты жана ал ишке ашырылууда.

“Сиздер эки күн бою өтө маанилүү өзгөрүүлөр боюнча маалымат аласыздар. Алынган маалыматты топтоп, жеринде пайдаланып, жаңылыктын жарчысы катары коомчулук жана ата-энелер менен тыгыз иштеп бериңиздер. Эң көп суроо эки учурда болот: биринчиси – абдан кызыкканда, экинчиси – таптакыр түшүнүксүз болгондо. Биз үзгүлтүксүз иштеп жатып, өзөктүү суроолорду аныктап алдык, аларды чечүүнүн жолдорун ушул эки күндүн ичинде айтып беребиз”, – деди министр.

Белгилей кетсек, мындай форумдар 2025-жылдын июнь-август айларында да өткөрүлүп, жалпысынан 1500 жалпы билим берүү уюмунун директорлорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басарлары жана методикалык борборлордун кызматкерлери окутулган. 15-20-сентябрда дагы 600 педагог окутулат. 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар