Д. КЕНДИРБАЕВА СВЕРДЛОВ РАЙОНУНДАГЫ МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОРУ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

12 Сентябрь 2025 ж. 22:47

Көрүлдү: 537

Бүгүн, 12-сентябрда, Бишкек шаарынын Свердлов райондук мамлекеттик администрациясында мектеп директорлору менен билим берүү тармагындагы маселелер талкууланды.

post.title

Иш-чарага агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, Свердлов муниципалдык администрациясынын башчысы Медер Амангелдиев, Свердлов районунун Ички иштер башкармалыгынын башчысы Тилек Тюкебаев, Бишкек мэриясынын Билим берүү департаментинин өкүлдөрү жана мектеп директорлору катышты.

Жолугушууда жаңы Мамлекеттик стандарттарды ишке ашыруу, жаңы муундагы окуу китептерин пайдалануу, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана ата-энелер менен кызматташтыкты бекемдөө маселелери көтөрүлдү.

Ошондой эле мектеп жетекчилеринин жоопкерчилигин арттыруу жана ишенимдүү билим берүү чөйрөсүн түзүү багытында пикир алмашылды. Ата-энелер менен онлайн жыйындарды өткөрүү практикасы, мектептерде акча жыйноону токтотуу, мугалимдердин коомдогу беделин жогорулатуу маселелери да негизги темалардан болду.

“Эмгек рыногу түп тамыры менен өзгөрдү, жаңы технологиялар пайда болду. Биз ушул өзгөрүүлөргө жараша билимдүү жана мыкты балдарды тарбиялашыбыз керек”, – деди министр.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар