«САНАРИП КАМПА» ЖАНА «КҮНДӨЛҮК» ПЛАТФОРМАЛАРЫН КОЛДОНУУ БОЮНЧА МУГАЛИМДЕР ҮЧҮН ОНЛАЙН-СЕМИНАР ӨТКӨРҮЛДҮ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

12 Сентябрь 2025 ж. 15:17

Көрүлдү: 722

2025-жылдын 9–10-сентябрнда Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги бардык аймактардагы информатика мугалимдери жана окуу бөлүм башчылары үчүн онлайн-семинарларды өткөрдү. Иш-чаранын максаты — «Санарип кампа» жана «Күндөлүк» санариптик билим берүү платформаларды жана электрондук окуу китептерди натыйжалуу колдонууну талкуулоо.

post.title

Түзүүчүлөр платформалардын функционалдуулугун көрсөтүп, практикалык мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырып, катышуучулардын суроолоруна жооп беришти. Мугалимдер санариптик инструменттерди окуу процессине интеграциялоонун мисалдарын алышып, активдүү талкуу жана тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Колл-борборго келип түшкөн кайрылуулардын негизинде белгиленген көйгөйлөргө өзгөчө көңүл бөлүндү. Алардын арасында АИС «Күндөлүк» жана «Санарип кампа» платформаларынын иштөөсүндөгү кыйынчылыктар, ошондой эле мектептеги компьютердик техниканы жаңыртуу, анын ичинде «Алтын казык» ноутбуктарын колдонууда мугалимдерге практикалык жардам көрсөтүү маселелери айтылды.

Семинарлардын жыйынтыгында Министрлик мектептерди колдоонун кийинки чараларын аныктап, ага тажрыйба алмашуу максатында райондук жолугушууларды өткөрүү, көп берилген суроолор боюнча видеонускамаларды даярдоо, техника жаңыртуу боюнча колдонмо чыгаруу жана жабдуулардын эффективдүү пайдаланылышын камсыз кылуу үчүн алардын абалын үзгүлтүксүз көзөмөлдөө кирет.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар