Автор: Маалыматтык саясат сектору
11 Сентябрь 2025 ж. 18:21
Көрүлдү: 635
Бүгүн, 11-сентябрда, Бишкек шаарынын Октябрь райондук мамлекеттик администрациясында билим берүү тармагындагы актуалдуу маселелер талкууланды. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, райондук администрациянын жетекчилиги жана мектеп директорлору катышты.
Жолугушууда мектептердин учурда колдонулуп жаткан жаңы стандарттарга ыңгайлашуусу, окуу китептеринин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана ата-энелер менен тыгыз кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери көтөрүлдү. Ошондой эле мектеп жетекчилеринин жоопкерчилигин арттыруу жана ишенимдүү билим берүү чөйрөсүн түзүү багытында пикир алмашылды.
Министр Догдуркүл Кендирбаева өз сөзүндө: «Биз үчүн эң башкысы – балдар. Окуу процессиндеги бардык өзгөрүүлөрдүн максаты - билимдин сапатын жогорулатуу жана мектептерде ишенимдүү, ачык чөйрө түзүү. Албетте, кыйынчылыктар бар, бирок аларды мугалимдердин кесипкөйлүгү жана командалык иш аркылуу жеңип чыга алабыз», – деп баса белгиледи.