АГАРТУУ МИНИСТРЛИГИ “ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ” КОНКУРСУНУН КАЛЫСТАР ТОБУНУН КУРАМЫНА МҮЧӨЛӨРДҮ КАБЫЛ АЛАТ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

10 Сентябрь 2025 ж. 17:00

Көрүлдү: 796

Тандоо критерийлери жана негиздери:

post.title

* Азыркы учурда кесиптик билим берүү уюмунда же кошумча кесиптик билим берүү уюмунда иштөөсү; 
* “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими”, “Билим берүүнүн ардактуу кызматкери”, “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы” наамдарынын болушу, (же)
* “Педагогика” илимдери боюнча адистигинин жана (же) финалдык сынактын катышуучулары окуткан тиешелүү предметтер боюнча илимий даражасынын болушу, (же)
* акыркы үч жылдагы “Жылдын мыкты мугалими” конкурсунун жеңүүчүсү.
Калыстар тобунун курамына талапкерлер тиешелүү документтерди (диплом, сертификат ж.б.) беришет.
Мындан тышкары калыстар тобунун курамына “Мастер-класс”, “Сабак” конкурстук сыноолорун баалоо үчүн калыстар тобунун курамын түзүүгө окуткан предмети боюнча адистешкен эксперттерден, бүтүрүүчү класстардын окуучуларынан, жогорку окуу жайлардын студенттеринен жана коомдук өкүлдөрдөн арыздар кабыл алынат.


Калыстар тобунун курамына өзүн өзү сунуштаган талапкерлер dinaraasekova653@gmail.com электрондук почта дарегине паспортунун көчүрмөсүн, кайсы топко талапкер экендиги (чоң калыстар тобуна, кичи калыстар тобуна же предметтик калыстар тобуна) көрсөтүлгөн резюмесин 2025-жылдын 17-сентябрына чейин жөнөтүүгө тийиш.
Тандалып алынган калыстар тобунун мүчөлөрүнө атайын билдирүү 2025-жылдын 20-сентябрына чейин жиберилет.


Тиркеме: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-декабрындагы №703 токтому менен бекитилген ар жылдык “Жылдын мыкты мугалими” жана “Жылдын мыкты тарбиячысы” республикалык конкурстарын өткөрүү тартиби жөнүндө жобо

Токтомго шилтеме: https://cbd.minjust.gov.kg/7-22934/edition/1406/kg
Жобого шилтеме: https://cbd.minjust.gov.kg/46-3658/edition/1409/kg

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар