Автор: Маалыматтык саясат сектору
9 Сентябрь 2025 ж. 19:02
Көрүлдү: 928
Бүгүн, 9-сентябрда, Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева мугалимдерге жана окуучуларга арналган мектеп эмеректеринин даярдалышы менен жеринен таанышты.
Мектеп эмеректери балдардын жаш курагына жараша: башталгыч класстар үчүн, ортоңку класстар үчүн жана жогорку класстар үчүн өз-өзүнчө жасалууда.
Бир комплектте мугалим үчүн стол жана отургуч, шкаф, 12 парта, 24 отургуч,
7 кийим илүүчү шкаф жана класстык такта бар.
Министр эмеректердин сапатына өзгөчө көңүл буруп, өндүрүш процессин ылдамдатууну тапшырды.
Белгилей кетсек, ушул жылдын 15-октябрына чейин өлкө боюнча 125 мектепке 288 комплект эмерек жеткирилет.