БИРИНЧИ МАЙ РАЙОНУНДА БИЛИМ БЕРҮҮ МАСЕЛЕЛЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

9 Сентябрь 2025 ж. 15:19

Көрүлдү: 577

Бүгүн, 9-сентябрда, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук мамлекеттик администрациясында Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Биринчи Май районундагы мектеп директорлору жана алардын окуу-тарбия иштери боюнча орун басарлары менен жолугушуу өткөрдү.

post.title

Иш-чарага Биринчи Май райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Сарылбек уулу Улан жана анын орун басарлары, бөлүм башчылары, райондун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.

Жолугушуунун максаты 2025-2026-окуу жылына карата мектептерде коопсуздукту камсыз кылуу, ата-энелер жана коомчулук менен кызматташтыкты күчөтүү, окуучулар арасында укук бузуулардын алдын алуу, тарбиялык иштерди натыйжалуу жүргүзүү, санариптик системаларды жайылтуу болду. 

Алгач Догдуркүл Кендирбаева министрлик тарабынан жасалып жаткан иштерге токтолуп, жаңы муундагы окуу китептери, санариптик платформалар, мугалимдердин маянасы, мектептердин курулушу жана тарбиялык иштер боюнча кеңири маалымат берди.

Өз кезегинде катышуучулар да министрге бүйүр кызыткан суроолорду узатышты. Министр ар бир суроого жооп берип, актуалдуу маселелерди биргелешип чечүү керектигин баса белгиледи.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар