Автор: Маалыматтык саясат сектору
9 Сентябрь 2025 ж. 12:34
Көрүлдү: 482
2025-жылдын 8-сентябрында Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Чүй облустук мектеп-гимназиясына барып, окуу жайдын абалы жана шарттары менен жеринен таанышты.
Иш сапарынын алкагында министр окуу имараттарын, спорт залын жана жер тилкесин көрүп чыгып, мектептин жалпы жамааты менен баарлашты.


Министр окуу жайдын жалпы абалы менен таанышуу учурунда имараттын капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж экенин белгилеп, окуу корпустарын оңдоо, жатакананын абалын жакшыртуу жана окуу шарттарын модернизациялоо боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.
Министрдин бул кадамы облустук мектеп-гимназияларды өнүктүрүү максатында жасалды. Бул багыттагы иштер мындан ары да улантылат.

Чүй облустук мектеп-гимназиясы 1962-жылы негизделген. Мектептин окуу корпусу 1962-жылы, жатаканасы 1963-жылы курулган. Жалпы 250 орунга ылайыкталган. Бүгүнкү күндө бул жайда 216 окуучу билим алууда.