Автор: Маалыматтык саясат сектору
8 Сентябрь 2025 ж. 13:36
Көрүлдү: 420
2025-жылдын 5-сентябрында Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары Альберт Махметкулов Бишкек шаарындагы кесиптик лицейлердин директорлору менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда «Алтын Казык» билим берүүнү трансформациялоо программасынын алкагында башталгыч кесиптик билим берүү мекемелеринде профилдик окутууну киргизүү маселеси талкууланды. Талкууга Агартуу министрлигинин башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлнур Мамырова жана Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева катышты.
Жолугушууда бүтүрүүчүлөрдүн эмгек рыногуна ийгиликтүү чыгышы жана тандаган кесибинин талаптарына ыңгайлашуусу үчүн зарыл болгон негизги жана колдонмо көндүмдөрдү калыптандыруу маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Министрдин орун басарынын айтымында, жогорку класстардагы профилдик окутуу окуучулардын ийгиликтүү карьерага даярдануусунда жана заманбап эмгек рыногуна ыңгайлашуусунда негизги ролду ойнойт.

Кесиптик лицейлердеги профилдик окутуу окуучуларды конкреттүү тармак боюнча тереңдетилген даярдоону камтыйт. Негизги кесиптик билим берүүдөн айырмаланып, ал заманбап рынокто талап кылынган чакан адистикти жана практикалык компетенттүүлүктү калыптандырууга багытталган. Мындай ыкма бүтүрүүчүлөргө кесипке гана эмес, кошумча квалификацияга ээ болууга мүмкүндүк берет, бул алардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатат.
Азыркы учурда профилдик окутууну ишке ашыруу боюнча даярдык көрүлүүдө. Бул багытта жогорку класстардын окуучулары үчүн профилдик багыттарга ылайык кесиптердин сунушталган тизмеси иштелип чыкты.