БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫН САНАРИПТЕШТИРҮҮГӨ САЛЫМ КОШКОН КЫЗМАТКЕРЛЕР СЫЙЛАНДЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

5 Сентябрь 2025 ж. 15:09

Көрүлдү: 269

2025-жылдын 4-сентябрында Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинде билим берүү системасын санариптештирүүгө салым кошкон кызматкерлерге ведомстволук сыйлык тапшырылды.

post.title

Төмөнкү кызматкерлер билим берүү тармагын санариптештирүүгө, инновациялык технологияларды киргизүүгө, санариптик чечимдерди ишке ашырууга жана маалыматтык системалардын ишенимдүү, заманбап инфраструктурасын камсыз кылууга кошкон зор салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин Ардак грамотасына татыктуу болушту:

Жамалидин уулу Тойчубек – «Санарип билим берүү борбору» мамлекеттик мекемесинин башкы программисти

Кубанычбек уулу Чынгыз – «Санарип билим берүү борбору» мамлекеттик мекемесинин программисти

Мусуров Дастан Болотбекович – «Санарип билим берүү борбору» мамлекеттик мекемесинин архитектору

Ярмухамедов Рамиль Фаридович – «Санарип билим берүү борбору» мамлекеттик мекемесинин долбоорлорунун координатору

Садыров Октябрин Алымбекович – «Стюарт Эссей энд Инвайронментал Лэборэторис» ЖЧКнын президенти

Тейишов Нурсултан – Бишкек шаарынын № 93 орто мектебинин директорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары

Сыйлык ээлерин министрдин орун басары Лира Самыкбаева куттуктап, иштерине ийгилик каалады.

Иш-чара билим берүү системасындагы санариптик өзгөрүүлөргө чоң салым кошкон адистерди колдоо жана алардын эмгегин баалоо максатында уюштурулду.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар