ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА КАРАТА МУГАЛИМДЕРДИ ОКУТУУ ЖӨНҮНДӨ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

4 Сентябрь 2025 ж. 15:15

Көрүлдү: 509

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги ачык айтылган сын-пикирлерге кунт коюп карайт жана дагы бир жолу баса белгилейт: 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүү өлкөнүн көз карандысыздыгынын тарыхындагы бүткүл билим берүү системасынын масштабдуу трансформациясынын негизги бөлүгү болуп саналат. Бул процесс системалуу жана этап-этап менен ишке ашырууну талап кылат, ошондуктан алдын ала мугалимдерди окутуу, окуу китептерин чыгаруу жана мектептерди окуу-методикалык материалдар менен камсыз кылуу боюнча иш-чаралар өткөрүлгөн.

post.title

2025-жылдын июль айында жер-жерлердеги мугалимдерди, методисттерди төрт негизги багыт: башталгыч мектеп, математика, табигый илимдер жана англис тили боюнча жаңы программаларга, методикаларга жана технологияларга окутуу үчүн 241 мастер-тренер даярдалды.  

Андан соң мастер-тренерлер тарабынан 26 041 мугалим математика жана табият таануу боюнча 1, 2, 5, 7-класстардын, англис тили боюнча 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9-класстардын жаңыланган предметтик стандарттары, жаңы окуу китептери менен иштөө боюнча окутулду.

Ошону менен катар 2025-жылдын июлунан сентябрына чейин Агартуу министрлиги тарабынан республиканын мектеп жана кесиптик лицейлеринин директорлору жана алардын окуу иштери боюнча орун басарлары, методикалык бирикмелердин методисттери, ошондой эле райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары “Жакшылыктын жарчысы” педагогикалык форумунун алкагында окутулду.

Педагогикалык форумдун алкагында катышуучулар теориялык жана практикалык форматта мамлекеттик билим берүү стандарты жана предметтик стандарттар, 12 жылдык окутууга багытталган жаңыланган окуу программалары, жаңы технологиялар, сабактарды уюштуруунун жана жүргүзүүнүн инструментарийлери жана методикалары, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу программаларынын жаңы версиялары, жаңы окуу жылынан баштап киргизилип жаткан санариптик ресурстар жана окуу процессин башкаруу, ошондой эле окуу практикасын түзүүдө жасалма интеллектти колдонуу менен таанышышты.

Форумдун бардык катышуучулары республиканын бардык жалпы билим берүүчү мектептеринин педагогикалык жамааттарын каскаддык окутууну улантуу үчүн педагогикалык форумда презентацияланган материалдар менен камсыз болушту. Ошондой эле алар менен онлайн тайпалар уюштурулуп, алар аркылуу окуу жылы ичинде үзгүлтүксүз коштоо пландалууда. “Алтын Казык – доор өзгөрткөн билим” аталышындагы педагогикалык кызматкерлердин август айындагы жыйынтыктоочу форумунда 30дан ашык секциялык иш-чаралар, анын ичинде мастер-класстар, тегерек столдор, конференциялар өткөрүлүп, билим берүүнүн жаңыланган мазмунуна байланыштуу маселелер каралды.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан мугалимдерди, методисттерди, мектеп директорлорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басарларын билим берүү процессинин бардык негизги маселелери боюнча такай коштоп жүрүү уюштурулду.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар