Автор: Маалыматтык саясат сектору
4 Сентябрь 2025 ж. 10:55
Көрүлдү: 640
Мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдарында акча каражаттарын мыйзамсыз чогултууга жана мектептердин алдында коомдук фонддорду түзүүгө тыюу салынат. Окуучуларга жана алардын ата-энелерине (аларды алмаштырган адамдарга) мыйзамсыз акча каражаттарын алуу же моралдык-психологиялык кысым көрсөтүү фактылары аныкталган учурда күнөөлүү адамдарга карата ээлеген кызматынан бошотууга чейинки тартиптик жаза чаралары колдонулат.
Негиз: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 26-майындагы ПЖ № 136 “Балдардын мектепте акысыз билим алуу укугун ишке ашырууга мамлекеттик кепилдиктерди камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгы