Автор: Маалыматтык саясат сектору
1 Сентябрь 2025 ж. 17:49
Көрүлдү: 744
Билим күнүнө карата Чүй облусундагы жетим жана ата-энесинин кароосуз калган балдар үчүн жатак-мектепке Кыргыз Республикасынын агартуу министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев барып, мугалимдер менен тарбиячыларга ноутбуктарды тапшырды.
Иш-чаранын жүрүшүндө М. Баймурзаев тарбиялануучулар менен маектешип, алардын билим жолунда ийгиликтерди багынтуусун каалап, балдардын келечегине жылуу каалоо-тилектерин билдирди. Министрдин биринчи орун басары мектептин имараттарын жана материалдык-техникалык базасын да көрүп, азыркы учурда жүргүзүлүп жаткан оңдоп-түзөө иштеринин абалы менен таанышты.
Белгилей кетсек, 2025-жылы Агартуу министрлиги жатак-мектепке 20 млн сом бөлүп берген, бул каражаттын эсебинен жатак-мектептин имараттары жаңыланып, шарттарын жакшыртылууда.