БИЛИМ КҮНҮ: АГАРТУУ МИНИСТРИ № 21 МЕКТЕП-ИНТЕРНАТЫНЫН ОКУУЧУЛАРЫН КУТТУКТАДЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

1 Сентябрь 2025 ж. 14:53

Көрүлдү: 478

Бүгүн, 1-сентябрда, Кыргызстандын бардык аймактарында Билим күнү белгиленди. Биринчи класстын окуучулары үчүн көптөн күткөн биринчи коңгуроо кагылып, алардын ата-энелери балдарынын алгачкы сабагына кубануу менен күбө болушту.

post.title

Бул өзгөчө жана толкунданткан күнү Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркул Кендирбаева угуусу начар жана кечирээк укпай калган балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү жатак-мектепке барды. Ал окуучуларды жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктап, окууда ийгиликтерди каалап, ар бир балага кам көрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Мугалимдерге жана ата-энелерге кайрылып: «Балдарды сүйгүлө, кучактагыла жана түшүнгүлө, анткени алар – биздин өзгөчө байлыгыбыз», – деди министр.

Иш-чаранын алкагында STEM багытындагы мугалимдерге ата мекендик «Алтын Казык» брендиндеги ноутбуктар тапшырылды. Министр бул ноутбуктар билим берүү процессин уюштурууга керектүү болгон окуу материалдары, презентациялар жана санариптик платформалар менен камсыздалганын баса белгиледи.

Салтанаттын соңунда министр мектеп-интернаттагы капиталдык оңдоонун жыйынтыктары менен таанышты.

Мектеп-интернат 1974-жылдан бери иштеп келет. Акыркы жылдары мекемеде ири оңдоо иштери жүргүзүлдү. 2022-жылдын жайында ашкана жана ысык тамак жасалуучу жай жаңыланып, ал эми 2025-жылдын жайында жыйын зал жана ага тиешелүү кошумча бөлмөлөр, спорт зал жана коридорлордун бир бөлүгү оңдолду.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар