1-СЕНТЯБРЬ – БИЛИМ КҮНҮ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

1 Сентябрь 2025 ж. 14:31

Көрүлдү: 784

Бүгүн, 1-сентябрда, Кыргызстандын бардык аймактарындагы жалпы билим берүү уюмдарында Билим күнү майрамдалды. Бул күнү салтанаттуу иш-чаралар, алгачкы коңгуроо аземдери жана жаңы окуу жылынын башталышын белгилеген жыйындар өткөрүлдү.

post.title

Ошондой иш-чаралардын бири К. Тилебалиев атындагы жетим жана ата-энесинен кароосуз калган балдар үчүн жатак-мектебинде болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары Надира Джусупбекова катышып, окуучуларды жаңы окуу жылы менен куттуктап, мугалимдерге “Алтын Казык” ноутбуктарын тапшырды.

Надира Джусупбекова окуучуларга ийгиликтерди каалап, билимдин маанилүүлүгүн белгилеп өттү: “Билим – ар бир адамдын келечегинин пайдубалы. Жаңы окуу жылы ар бириңиздерге жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, ийгиликтерге жеткирсин! Сиздердин аракетиңиздер өлкөбүздүн өнүгүүсүнө чоң салым кошот”, – деди ал.

Майрамдык иш-чарага мектеп окуучулары, мугалимдер, тарбиячылар жана ата-энелер катышып, окуучулар тарабынан даярдалган ыр-бийлер жана чыгармачыл номерлер көрсөтүлдү.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар