Автор: Маалыматтык саясат сектору
29 Август 2025 ж. 18:18
Көрүлдү: 469
2025-жылдын 29-августунда Агартуу министрлигине караштуу Республикалык илимий-методикалык борбордун “Педагогикалык чеберчилик” программасынын угуучуларына күбөлүктөр салтанаттуу түрдө тапшырылды. Иш-чара Ж. Абдрахманов атындагы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында өттү, ага Агартуу министрлигинин жана Республикалык илимий-методикалык борбордун жетекчилиги, башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарынын мугалимдери катышты.
Бүгүнкү күндө башталгыч кесиптик окуу жайларда 3228 инженердик-педагогикалык кызматкер эмгектенет, алардын ичинен жогорку билимдүүлөр – 1964 (60,8%), орто кесиптик билими барлар – 825 (25,6%), башталгыч кесиптик билими барлар – 439 (13,6%). Башталгыч кесиптик окуу жайларда 1403 өндүрүштүк окутуу устаты, 7500дөн ашык мугалим эмгектенет, алардын көпчүлүгүнүн педагогикалык билими жок. Ошол себептен мугалимдер менен устаттарды педагогика, психологиянын негиздери менен тааныштырып, кесиптик чеберчиликтерин өнүктүрүү, окутуу сапатын жогорулатуу – мезгил талабы. Бул талапты аткаруу максатында Агартуу министрлигинин алдындагы Республикалык илимий-методикалык борбор 2024-жылдан баштап “Педагогикалык чеберчилик” программасы боюнча кесиптик кайра даярдоо курсун өткөрүп келе жатат.
Программанын максаты – башталгыч жана орто кесиптик окуу жайларда иштеген техникалык билими бар педагогикалык кызматкерлерди педагогикалык чеберчиликтин негиздерине окутуп-үйрөтүү, кесиптик ишмердигиндеги заманбап компетенцияларга ээ кылуу, сапаттуу сабакты уюштурууда жаңы технологияларды колдонуу чеберчилигин өстүрүү, педагогикалык ишмердүүлүктү жүргүзүү укугуна ээ кылуу.
Программанын көлөмү – 500 сааттан 900 саатка чейин. Кесиптик кайра даярдоо курсу офлайн, онлайн форматтарда өткөрүлөт. Аралыктан окутууда сабактар аралаш формада Moodle билим берүү платформасында жүргүзүлөт.
Аталган программа быйыл үчүнчү жолу өз угуучуларын бүтүрүп жатат: 2024-жылдын март айында 584 сааттык кайра даярдоо курсун – 77 угуучу, 2025-жылдын январь айында 690 сааттык кайра даярдоо курсун – 86 угуучу ийгиликтүү аяктаган, бүгүнкү күндө дагы 81 угуучу кайра даярдоо курсун ийгиликтүү аяктап жатат.
Кайра даярдоо курсун аяктагандан кийин угуучуларга педагогикалык ишмердүүлүктү жүргүзүү укугун берген белгиленген үлгүдөгү күбөлүк тапшырылат.
“Педагогикалык чеберчилик” программасын окутууга илимий даражалары жана наамдары бар, жогорку педагогикалык компетенцияга ээ болгон Кыргыз билим берүү академиясында, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунда, жогорку окуу жайларда эмгектенген мугалимдер тартылган.