Автор: Маалыматтык саясат сектору
29 Август 2025 ж. 12:04
Көрүлдү: 682
Жаңы 2025-2026-окуу жылын утурлай өлкөнүн бардык аймактарындагы жалпы билим берүү уюмдарында “Китеп жарманкеси” өткөрүлүүдө. Жарманкеге окуучулар жана ата-энелер жигердүү катышууда. Анда мурда колдонулган, 2025-2026-окуу жылында билим берүү процессинде пайдаланууга уруксат берилген окуу китептери символикалуу баада сатыкка чыгарылып, китепке муктаж болгон ата-энелер менен окуучулардын өз ара китеп алмашуусуна шарт түзүлүүдө.
Белгилей кетсек, быйыл республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9-класстар үчүн “Англис тили” предмети боюнча жаңы муундагы окуу-методикалык комплекстер 1,9 млн нускада басылып чыкты. Жакынкы айларда 1, 2, 5, 7-класстар үчүн “Математика”, “Табият таануу” предметтери боюнча жаңы муундагы окуу китептери 1,3 млн нускада басылып чыгат. Ал эми бардык предметтер боюнча жаңы муундагы окуу китептери үч жылдын ичинде даярдалып, жетиштүү санда нускаланат. Жаңы китептер жарык көргөнгө чейин билим берүү процессинде колдонууга уруксат берилген кээ бир эски китептерди убактылуу колдонууга туура келет.
Эске сала кетсек, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2025-жылдын 24-июнундагы № 716/1 буйругу менен Кыргыз Республикасынын окутуу кыргыз, орус, өзбек, тажик тилдеринде жүргүзүлгөн жалпы билим берүү уюмдары тарабынан колдонулушуна уруксат берилген окуу китептеринин тизмектери бекитилген. Тизмектердин электрондук версиясы министрликтин расмий сайтына жайгаштырылган: https://edu.gov.kg/posts/4273/