БУУНУН ДҮЙНӨЛҮК АЗЫК-ТҮЛҮК ПРОГРАММАСЫНЫН АЛКАГЫНДА 12 БАЛА БАКЧАНЫН АШПОЗЧУЛАРЫ ОКУТУЛДУ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

27 Август 2025 ж. 19:20

Көрүлдү: 511

Бүгүн Республикалык мектеп тамагы боюнча компетенциялар борборунун базасында БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАП) аркылуу ашкана жабдуулары менен камсыздоо боюнча пилоттук долбоорго кирген 12 мектепке чейинки билим берүү уюмунун ашпозчулары үчүн окутуу аяктап жатат.

post.title

Бул долбоор мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тамак-аш инфраструктурасын жаңылоо жолундагы маанилүү кадам болуп саналат. Бул демилге балдардын сапаттуу билим алышына жана ден соолугун чыңдоого көңүл бурулуп жаткан учурда өзгөчө мааниге ээ.

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан мектепке чейинки билим берүү тармагын жакшыртуу багытында системалуу жана ырааттуу иштер жүргүзүлүүдө. Министрлик мектепке чейинки билимге жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө гана эмес, бөбөктөрдү сапаттуу жана коопсуз тамак-аш менен камсыздоого да өзгөчө көңүл бурууда.

Ушул иштердин алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-майындагы № 257 токтому менен «Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамак-ашты уюштуруунун тартиби» бекитилди. Бул документ тамак-ашты уюштурууда бирдиктүү талаптарды, анын ичинде нормаларды, рационду, санитардык-гигиеналык шарттарды жана стандарттарды сактоо үчүн мекемелердин жоопкерчилигин аныктайт.

Мамлекет менен эл аралык өнөктөштөрдүн биргелешкен аракеттеринин аркасында балдарды тамак-аш менен камсыздоодо заманбап ыкмаларды киргизүүгө, ашпозчулардын кесиптик чеберчилигин өркүндөтүүгө жана бала бакчалардын материалдык-техникалык базасын бекемдөөгө шарт түзүлүүдө. Мындай демилгелер улуттук артыкчылыктарга жана эл аралык стандарттарга жооп берген туруктуу мектепке чейинки тамактануу системасын курууга өбөлгө түзөт.

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги ар бир бала үчүн жеткиликтүү, сапаттуу жана коопсуз мектепке чейинки билим берүүнү камсыздоого багытталган комплекстүү чараларды ишке ашырууну улантат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар