Автор: Маалыматтык саясат сектору
27 Август 2025 ж. 17:43
Көрүлдү: 701
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги 2025-жылдын 27-августунда чыккан айрым жеке менчик мектептер мамлекеттин карамагына өттү деген маалыматтарга байланыштуу төмөнкүлөрдү билдирет.
Ушул жылдын 27-августуна карата Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, «Сейтек STEM» билим берүү мекемеси жеке менчик болуп саналат жана Сапаева Светлана Дүйшөмбиевнага катталган. Билим берүү мекемесинин директору – Сатыбалдыев Рустамбек Адилбекович.
2025-жылы кайра каттоодон өтүп, азыркы учурда «Алтын Мурас» деп аталган «Акылтай» билим берүү мекемеси да жеке менчик болуп саналат жана «Прогресс» ЖЧКга катталган.
«Индиго Сапат» билим берүү мекемеси да жеке менчик болуп саналат жана Кузобаева Чолпон Тологоновнага катталган.
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинде жогоруда аталган билим берүү мекемелеринин ээлеринин алмашуусу, анын ичинде алардын мамлекеттин карамагына өтүүсү тууралуу маалымат жок.