АГАРТУУ МИНИСТРИ ИШ САПАРЫ МЕНЕН ЖАЛАЛ-АБАДДА

Автор: Маалыматтык саясат сектору

26 Август 2025 ж. 18:36

Көрүлдү: 491

Министр август педагогикалык кеңешмесине катышты

post.title

Бүгүн, 26-августта, Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева өлкөнүн түштүк аймагына болгон иш сапарынын алкагында Жалал-Абад облусунда өткөн мугалимдердин «Алтын казык – доор өзгөрткөн билим» аттуу август педагогикалык кеңешмесине катышты.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары У. Самаев, Жалал-Абад облустук билим берүү усулдук борборунун директорунун милдетин аткаруучу А. Гулатов, райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары жана мугалимдер да катышты.

Министр Кыргызстанда биринчи жолу мугалимдер үчүн календардык-тематикалык пландар иштелип чыкканын, бул пландар үч ай бою 300 мугалим тарабынан сынактан өткөрүлүп, платформанын иштөө механизми толук текшерилгенин маалымдады.

Д. Кендирбаева билим берүү процессинин сапатын жогорулатууда ар бир мектеп кабинетин интернет менен камсыздоо зарылдыгын белгиледи.

Кеңешменин соңунда облустагы мугалимдерге “Алтын Казык” брендиндеги ата мекендик ноутбуктар салтанаттуу түрдө тапшырылды.

Жалал-Абадда Республикалык көркөм сүрөт жатак мектеби ачылат

Иш сапарынын алкагында Д. Кендирбаева Жалал-Абад шаарында жаңы курулган Республикалык көркөм сүрөт жатак мектебинин ачылышы боюнча даярдыгы менен таанышты.  

Министр мектептин жамааты менен жолугушуп, окуу жайдын келечектеги ишмердүүлүгү жана өнүгүү багыттары боюнча баарлашты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар