Автор: Маалыматтык саясат сектору
21 Август 2025 ж. 18:55
Көрүлдү: 734
Бүгүн, 21-августта, Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева “Окуу китеби” басма үйү” мамлекеттик мекемесинин жетекчилиги жана кызматкерлери менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө учурдагы милдеттер, өнүгүү пландары талкууланып, алдыдагы мезгилге карата негизги артыкчылыктуу багыттар аныкталды.
Айрыкча пландарды тактоо жана аткарылган иштерди баалоо маселесине өзгөчө көңүл бурулуп, бул мекеменин ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөрү белгиленди.
Жолугушуу конструктивдүү жана иштиктүү маанайда өтүп, белгиленген милдеттерди ийгиликтүү ишке ашырууга маанилүү кадам болду.