АГАРТУУ МИНИСТРЛИГИНИН МЕКТЕПТЕРДИ САНАРИПТЕШТИРҮҮ БОЮНЧА ТҮШҮНДҮРМӨСҮ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

21 Август 2025 ж. 16:52

Көрүлдү: 651

Агартуу министрлиги жалпыга маалымдоо каражаттарында тарап жаткан билим берүү системасындагы санариптик реформаларга байланыштуу айрым маалыматтар боюнча түшүндүрмө берүүнү зарыл деп эсептейт.

post.title

 

Мугалимдерди кагаз жүктөн арылтуу

Санариптештирүү баарынан мурда бюрократиялык процесстерди кыскартууга багытталган.

Мурда ар бир мугалим окуучулардын үлгүрүүсү боюнча бир эле маалыматты бир нече формада: кагаз журналда, окуучунун өздүк көктөмөсүндө, ар кандай ведомстволор үчүн жыйынды таблицаларда толтурууга мажбур болгон. Бүгүн баалар жана окуучунун социалдык, демографиялык статусу, үлгүрүүсү жана катышуусу тууралуу маалымат бир гана жолу системада жазылып, андан ары зарыл болгон отчётторго автоматтык түрдө киргизилет.

Эгерде мурда мектептер 46га чейин ар кандай отчётторду тапшырышса, эми билим берүү процессин санариптештирүү жана башка мамлекеттик ведомстволор менен интеграциялоо аркылуу отчёттордун 75% толугу менен жокко чыгарылууда. Бул мугалимдердин убактысы бир кыйла кеңейип каларын айтып турат. Мектеп администрациясы мугалимдерди жана ата-энелерди ар кандай маалым каттарды жана анкеталарды чогултууга алаксытпайт.

Мугалимдер сабактардын пландарын жана окуу пландарын кол менен даярдоо милдетинен бошотулду. «Күндөлүк» системасында жаңы 2025-2026-окуу жылына бардык предметтер боюнча бардык темалар толук камтылды: мугалим керектүү теманы тандайт, бааларды жана катышуусу тууралуу белгилерди коёт. Бул маалымат ошол замат тиешелүү административдик отчётторго жүктөлөт, ошентип, бир эле маалыматты бир нече жолу кайрадан жазуу кажет болбой калат. Бул көп убакытты үнөмдөп, зарыл маалыматты бардыгына: администрацияга, ата-энелерге жана окуучуларга жеткиликтүү кылат.

 

Ачык-айкындуулук жана коррупция менен күрөш

Санариптештирүү окуучулар жана педагогдор арасында «өлүк жандар» мүмкүнчүлүгүн жоёт.

Балдарды мектепке кабыл алууда жана мугалимдерди тандоодо коррупциялык фактор азайтылууда: бардык маалыматтар электрондук системалар аркылуу катталып, текшерилет.

 

Жабдуунун жана инфраструктуранын жеткиликтүүлүгү

Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын тарыхында биринчи жолу педагогдор заманбап техника менен кеңири жабдылууда. Өлкө боюнча 27 миң мугалим жаңы ноутбуктарды алды, үстүбүздөгү жылдын ноябрь айына чейин дагы 27 миң ноутбук берилет.

Сатып алынардан мурун техника өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы, анын ичинде шаардык жана айылдык мектептердеги, 220 педагогдо үч айлык сыноодон өткөрүлдү. Мугалимдер ноутбуктарды негизги параметрлер: процессордун иштөө ылдамдыгы, батарейканын сапаты жана анын канча убакыт токсуз иштей алары, клавиатуранын жана экрандын ыңгайлуулугу, «Күндөлүк» жана «Мугалим» системаларындагы иштин туруктуулугу, ошондой эле «Санарип Кампа» порталында онлайн-сабактарды жана мультимедиялык материалдарды колдонуу мүмкүнчүлүгү боюнча баалашты.

Сурамжылоонун жыйынтыгында ноутбуктар бардык категориялар боюнча эң жогорку бааларды алышты. Педагогдорду мындай масштабда заманбап техника менен камсыздоо ата мекендик билим берүүнүн тарыхында эч качан болгон эмес.

 

Педагогдордун тынчсыздануусуна жооп

Биз мугалимдердин тынчсызданууларын тыңдап, өткөөл мезгил кошумча жүк менен коштолорун түшүнүп турабыз. Бирок:

  • азыркы жүктөм маалыматтарды бир гана жолу киргизүү менен байланышканын, андан ары система жумушту оорлотпой, жеңилдетерин;
  • Педагогдор, анын ичинде улуу муундагы мугалимдер, санариптик куралдарды колдонуу боюнча окутулуп жатканын баса белгилөө керек.

 

Мугалимдер жана кадр маселеси

Айрым жумуш ордунан бошотууларга карабастан, статистика тескери санды көрсөтүүдө: 2025-жылы педагогикалык ЖОЖдорго тапшыргандар көбөйдү, ал эми жаштардын кесипке кызыгуусу артып бара жатат.

Биз санариптештирүүнү мугалимдин кесибин жаңы муун үчүн бир кыйла заманбап жана кызыктуу кылуучу инструмент катары карайбыз.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар