Ата-энелер/мыйзамдуу өкүлдөр үчүн баланы бала бакчага кабыл алуу тууралуу арыз берүүнүн кадамдык нускамасы
Автор: Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгы
9 Апрель 2022 ж. 19:35
Көрүлдү: 18026
Бул Нускама «Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында электрондук комплекттɵɵ жɵнүндɵ» жобого ылайык иштелип чыкты.
КАНТИП АРЫЗ БЕРҮҮ КЕРЕК?
Арыз берүү үчүн төмөнкү маалыматтарды ырааты менен толтуруңуз:
1. Баланын кимиси экениңизди көрсөтүңүз?
- Атасы;
- Апасы;
- Мыйзамдуу өкүлү (бул пунктту тандаганда тийиштүү документти тиркөө талап кылынат).
2. Баланын ата-энеси/мыйзамдуу өкүлү тууралуу маалыматтар:
- Жарандыгы;
- Жеке идентификациялык номери (ЖИН), аты-жөнү, паспорттук маалыматтары (сериясы, номери);
- Уюлдук телефон номери;
- (Логин жана пароль келе турган) негизги электрондук почтасы;
- Кошумча электрондук почтасы (Электрондук почталар каттоо жазуусун калыбына келтирүү үчүн зарыл);
- Жеңилдик бар/жок (бул пунктту тандаган учурда тийиштүү документти тиркөө талап кылынат).
3. Бала тууралуу маалыматтар:
- Баланын жеке идентификациялык номери (ЖИН), аты-жөнү, туулган күнү, жынысы;
- Туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн сериясы, номери;
- Балага билим алуу үчүн жеңилдик бар/жок (бул пунктту тандаган учурда тийиштүү документти тиркөө талап кылынат).
4. Бала бакчаны тандоо:
- Эңсеген окутуу тили;
- Арыз берүүчү каалаган бала бакчаны тандай алат.
5. Арыз берерден мурда толтурулган маалыматтарды карап чыгуу:
- Арыз берерден мурда арызда толтурулган маалыматтардын тууралыгын текшерүү талап кылынат.
- Арызыңыз тастыкталгандан кийин сиздин электрондук почталарыңызга мектепке чейинки билим берүү уюмуна (бала бакчага) кабыл алуу үчүн арыз ийгиликтүү берилгендиги тууралуу билдирме жөнөтүлөт.
Бөлүшүңүз