ОШТО КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮНҮН КЕЛЕЧЕКТЕГИ БАГЫТТАРЫ ТАЛКУУЛАНДЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

20 Август 2025 ж. 13:09

Көрүлдү: 488

2025-жылдын 18-19-августунда Ош шаарында өткөн Август педагогикалык форумунун алкагында Кыргыз Республикасынын башталгыч кесиптик билим берүү системасын өнүктүрүүгө багытталган маанилүү жолугушуу болду. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары Альберт Махметкулов, кесиптик лицейлердин жетекчилери жана иш берүүчүлөр катышты.

post.title

Жолугушууну министрдин орун басары Альберт Махметкулов ачып, башталгыч кесиптик билим берүү тармагындагы директорлорго жаңы окуу жылына ар тараптан даярдыкты камсыз кылуу, билим берүү мекемелеринин санитардык-гигиеналык абалын көзөмөлдөө, коопсуздук чараларын күчөтүү жана окуучулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү тапшырмаларын берди.

Жолугушууда санариптештирүү жаатына да көңүл бурулду. Бардык окуу жайларда жаңы окуу жылы башталганга чейин көзөмөл жана кирүү-чыгуу системасын (СКУД) орнотуу сунушталды.

Махметкулов белгилеп өткөндөй, бүгүнкү күндө бул система № 21 кесиптик лицейде гана орнотулган. Мындан тышкары, электрондук журналдарды киргизүү иштери улантылып жатат, бул ачык-айкындуулукту жана окуучулардын катышуусун натыйжалуу көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет.

Жаңы окуу жылына даярдыкты текшерүүнүн жыйынтыгында көпчүлүк лицейлер оңдоо иштерин жүргүзүп, айланасын көрктөндүргөн.

Министрдин орун басары бир катар окуу жайлар кошумча көңүл бурууну талап кыларын, бул маалымат системаны оптималдаштыруу боюнча мындан аркы чараларда эске алынарын билдирди.

Сөзүн жыйынтыктап жатып, А. Махметкулов: «Биздин максатыбыз – ар бир бүтүрүүчү кесипке ээ болуу менен бирге өз келечегине ишеним табышы, ал эми өлкө экономикалык өсүштү камсыз кыла турган жогорку квалификациялуу адистерге ээ болушу», – деп баса белгиледи.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар