АГАРТУУ МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ Н. ДЖУСУПБЕКОВА ОШ ШААРЫНДАГЫ ЖАТАК-МЕКТЕПТЕРДЕ БОЛДУ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

20 Август 2025 ж. 11:27

Көрүлдү: 535

2025-жылдын 19-августунда Кыргыз Республикасынын Агартуу министринин орун басары Надира Джусупбекова Ош шаарындагы № 11 В.В. Терешкова атындагы жатак-мектепке барып, 700 орундуу жаңы окуу имаратын жана 500 орундуу жатаканасын көрүп чыкты. Жаңы курулган бул билим берүү объекти 2025-2026-окуу жылында пайдаланууга берилет.

post.title

Андан тышкары, Ош шаарындагы У. Салиева атындагы жатак-мектеп республикалык бюджеттин эсебинен толук реконструкцияланат. Бул мектепте 8-11-класстардын окуучулары билим алышат. Алар негизинен аймактардан келип окушкандыктан, министрдин орун басары билим сапатын жогорулатуу жана тажрыйбасын колдонуу максатында “Акылман” президенттик лицейин көрүп келүүнү сунуштады. 

Ошондой эле, Н. Джусупбекова Ош облустук билим берүү институтунун жатаканасына да барып, азыркы абалын көрдү.

Тактай кетсек, институттун жатаканасы 1939-жылы курулган жана 80 орундуу, анда аймактардан квалификациясын жогорулатуу үчүн келген мугалимдер жашашат. Ал авариялык абалга келгендиктен, Ислам өнүктүрүү банкынын колдоосу менен жаңы заманбап билим берүү институту курулат. 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар