Автор: Маалыматтык саясат сектору
18 Август 2025 ж. 20:01
Көрүлдү: 692
Август педагогикалык форумунун алкагында Кыргызстандагы мектептик билим берүү тармагына Google for Education куралдарын киргизүү боюнча пилоттук долбоордун жыйынтыктары сунушталды. Долбоор Агартуу министрлигинин жана Google компаниясынын колдоосу менен ишке ашырылып, аналитикалык коштоо «Таалим-Форум» коомдук фонду тарабынан камсыздалды.
Пилоттук долбоор көрсөткөндөй, Google for Education куралдарын колдонуу мугалимдердин кесиптик өсүшүнүн катализаторуна айланып, окуу процессин олуттуу өзгөрттү. Технологиялар күнүмдүк иштерди азайтып, сабактарды интерактивдүү окутуу методикасында, окуучулардын активдүүлүгүндө жана пикир алмашуунун сапатында оң өзгөрүүлөр байкалды.

Адистер белгилешкендей, долбоорду ийгиликтүү кеңейтүү үчүн колдоо зарыл. Анда технология максат катары эмес, тескерисинче, педагогикалык маселелерди чечүүнүн куралы катары каралышы керек.
Жыйынтыгында төмөнкүдөй сунуштар берилди:
1) сертификациядан өткөн Google-мугалимдеринин жана насаатчыларынан коомчулугун түзүү;
2) мектептердин инфраструктурасын жакшыртуу жана туруктуу интернет менен камсыз кылуу;
3) мугалимдерди практикалык колдоо үчүн аймактык компетенциялар борборлорун түзүү;
4) Google куралдарын үйрөтүүнү мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана педагогикалык билим берүү программаларына интеграциялоо;
5) мектептерде баскыч-баскыч менен пилоттук долбоорлор аркылуу инновацияны кеңейтүү.