Автор: Маалыматтык саясат сектору
18 Август 2025 ж. 19:32
Көрүлдү: 733
Август педагогикалык форумунун алкагында өткөрүлгөн пленардык жыйында жана мектеп китепканачыларынын секциясында Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу «Окуу китеби» басма үйү» мамлекеттик мекемесинин директору Төлөгөн Аматов баяндама жасады.
Өзүнүн баяндамасында ал окуучуларда окуу маданиятын калыптандыруудагы мектеп китепканаларынын маанисин белгиледи жана китепканачылар кесиптик ишмердүүлүгүндө туш болуп жаткан көйгөйлөрдү: квалификацияны жогорулатуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдүн чектелүүлүгүн, компьютердик техниканы колдонуудагы аныксыздыкты, педагогикалык стаждын эсепке алынбай жатышын жана кесиптик жактан өсүүгө жетиштүү колдоо көрсөтүлбөй жатканын айтты.

Секцияда китепканалар үчүн санариптик чечимдер, электрондук ресурстарды жана гаджеттерди колдонуу, китепканачылардын социалдык тармактардагы активдүүлүгү, ошондой эле ата-энелер менен өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү маселелери да талкууланды.
Мындан тышкары, Т. Аматов басма үйүнүн 2025-2026-окуу жылына пландарын тааныштырды. Анын айтымында, төмөнкү окуу-методикалык комплекстер даярдалууда:
• «Англис тили» (3-9-класстар) – жалпы нускасы 2 млн;
• «Математика» (1, 2, 5, 7-класстар) – жалпы нускасы болжол менен 1 млн ашык;
• «Табият таануу» (1, 2, 5, 7-класстар үчүн) – жалпы нускасы болжол менен 1,4 млн жакын.
Ошондой эле «Просвещение» акционердик коому (Россия) менен биргеликте 1, 2, 5, 7-класстар үчүн орус тили жана окуу, орус тили жана орус адабияты боюнча окуу-методикалык комплекстер адаптацияланууда. Көрсөтүлгөн окуу китептеринин баары 2025-жылдын аягына чейин басылып чыгып, республикадагы жалпы билим берүү уюмдарына жеткирилет.

Т. Аматов белгилегендей, мектеп китепканаларын өнүктүрүү жана окуучуларды заманбап окуу ресурстары менен өз убагында камсыздоо «Окуу китеби» басма үйүнүн ишмердигинин артыкчылыктуу багыттары жана Кыргызстандын билим берүү системасынын келечегине кошкон салымы болуп саналат.