Автор: Маалыматтык саясат сектору
18 Август 2025 ж. 17:21
Көрүлдү: 515
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРИН ТРАНСФОРМАЦИЯЛООНУН АКТУАЛДУУ БАГЫТТАРЫ
Билим берүү системасынын кызматкерлерине арналган Август педагогикалык форумунун алкагында № 12 кесиптик лицейдин базасында башталгыч кесиптик билим берүү маселелерине арналган секциялык иш-чаралар өтүүдө. Биринчи секцияда Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлнур Мамырова «Кесиптик лицейлердин трансформациясы: учурдагы абалы жана өнүгүү келечеги» темасында баяндама жасады.

Баяндамада төмөнкү маселелер каралды:
* кесиптик лицейлердин учурдагы абалы боюнча анализдин жыйынтыктары;
* алардын ишмердүүлүгүнө таасир эткен негизги көйгөйлөр жана чакырыктар;
* окуу программаларынын эмгек рыногунун талаптарына шайкештиги;
* лицейлердин түзүмүн, мазмунун жана башкаруусун модернизациялоо багыттары;
* атаандаштыкка жөндөмдүү кадрларды даярдоодо башталгыч кесиптик билим берүүнүн ролу.

Иш-чаранын максаты – кесиптик лицейлерди өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо, эмгек рыногунун, экономиканын жана туруктуу өнүгүүнүн талаптарын эске алуу менен аларды модернизациялоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.