АВГУСТ ПЕДАГОГИКАЛЫК ФОРУМУ – 2025: СЕКЦИЯЛЫК ИШТЕР

Автор: Маалыматтык саясат сектору

18 Август 2025 ж. 16:41

Көрүлдү: 557

12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮГӨ ӨТҮҮНҮ ИШКЕ АШЫРУУДА БАЛДАРДЫН КОШУМЧА БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫНЫН РОЛУ ЖАНА КАТЫШУУСУ

post.title

Август педагогикалык форумунун алкагында Кыргызстандын 12 жылдык билим берүү моделине өтүү шартында балдарга кошумча билим берүү уюмдарынын ролуна жана мүмкүнчүлүктөрүнө арналган секция иш алып барды.

Жыйынга өлкөнүн бардык аймактарынан кошумча билим берүү уюмдарынын директорлору жана педагогдору, ошондой эле эстетикалык жана кошумча билим берүү тармагындагы алдыңкы адистер катышты.

Секцияны «Балажан» республикалык эстетикалык тарбиялоо окуу-усулдук борборунун директору, педагогика илимдеринин кандидаты Дария Мусина ачты. Ал мектептер менен кошумча билим берүү уюмдарынын өз ара аракеттенүүсүнүн маанисин белгилеп, буларга токтолду: «Бүгүн кошумча билим берүү уюмдары мектептин стратегиялык өнөктөшүнө айланууда: алар балдардын чыгармачылыгына, социалдашуусуна жана кесиптик багытын табуусуна мүмкүнчүлүк түзөт».

Мусинанын «Балдардын кошумча билим берүү программаларын мектептин билим берүү саясатына интеграциялоо механизмдери: тажрыйба жана келечек» аттуу аналитикалык баяндамасы талкуунун багытын аныктап, кызматташтыктын чакырыктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн көрсөттү.

Талкууну «Сейтек» балдар жана өспүрүмдөр республикалык борборунун директору Эрик Латыпов улантып, кошумча билим берүү программаларынын мазмунун окуучулардын муктаждыктарына жараша жаңылоо жолдорун сунуштады. Ал белгилегендей, «кошумча билим берүү программаларын интеграциялоо жогорку класстагы окуучулардын жеке кызыкчылыктарын эске алып, аларды профилдик окутууну аң-сезимдүү тандоого даярдоого мүмкүнчүлүк берет».

Долбоордук жана ийримдик ишмердүүлүктүн профилдик окутууга даярдоодогу ролу тууралуу «Алтын түйүн» балдардын инженердик-техникалык улуттук академиясынын директорунун орун басарынын милдетин аткаруучу Нурлан Жогаштиев айтып өтүп, долбоордук иштер аркылуу өз алдынча ой жүгүртүү, жоопкерчилик жана команда менен иштөө көндүмдөрү калыптанарын белгиледи.

Өзгөчө көңүл экологиялык тарбия маселесине бурулду. Экология, край таануу жана туризм республикалык балдар-өспүрүмдөр борборунун директору Уланбек Рыскулов бул багытта кошумча билим берүү чоң мүмкүнчүлүк түзөрүн айтып: «Кошумча билим берүүнүн экологиялык багыты табиятка жана өлкөнүн келечегине жоопкерчиликтүү мамилени калыптандырат», – деп белгиледи. Анын пикири мектептик билим берүү саясатына экологиялык компонентти киргизүү боюнча кеңири талкууга жол ачты.

Региондордон келген тажрыйбаларды Лейлек районунун «Баластан» ББЧБсынын директору Нургүл Туркбаева жана Токмок шаарынын Балдар чыгармачылык борборунун жетекчиси Татьяна Полосина сунушташты. Алардын баяндамалары мектептер менен кошумча билим берүү уюмдарынын өз ара аракеттенүүсү жана жеке билим берүү маршруттарын ишке ашыруунун келечектери жөнүндө болду.

Секциянын иши ар түрдүү форматта өттү: баяндамалар менен катар кейс-сессиялар, чакан топтордо интерактивдүү талкуулар жана кадрдык, программалык жана методикалык даярдык маселелерине арналган тегерек стол уюштурулду. Бул аналитикалык баалоолорду, практикалык мисалдарды жана эксперттик сунуштарды бирдиктүү талкуу аянтчасына айкалыштырды.

Жыйынтыгында секциянын катышуучулары Август педагогикалык форумунун резолюциясына киргизиле турган бир катар сунуштарды иштеп чыгышты. Алардын арасында — кошумча билим берүү программаларын мектептик окутууга интеграциялоонун ченемдик механизмдерин бекемдөө, мугалимдерди системалуу методикалык колдоо, жогорку класстын окуучулары үчүн долбоордук жана изилдөө иштерин активдүү колдонуу, ошондой эле аймактар аралык тажрыйба алмашууну уюштуруу кирет.

Секциянын соңунда белгиленгендей, кошумча билим берүүнү мектеп саясатына интеграциялоо окутуу процессинин сапатын жогорулатуунун гана ресурсу эмес, ошол эле учурда тез өзгөрүп жаткан дүйнөдө жашоого даяр, гармониялуу өнүккөн, социалдык жактан жоопкерчиликтүү жана атаандаштыкка жөндөмдүү инсанды тарбиялоонун стратегиялык куралы болуп саналат.

 

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар