Автор: Маалыматтык саясат сектору
18 Август 2025 ж. 12:22
Көрүлдү: 572
2025-жылдын 18-августунда Ош шаарында билим берүү тармагындагы жылдын эң башкы окуясы – “Алтын Казык – доор өзгөрткөн билим” август педагогикалык форуму башталды. Быйыл форумдун негизги жаңылыктарынын бири Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги менен Энергетика министрлигинин ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлушу болду.
Бул Меморандум өлкөнүн стратегиялык маанилүү тармактарынын бири – энергетика үчүн квалификациялуу жумушчу кадрларды даярдоодо жаңы баракты ачат. Бүгүнкү күндө бул тармак активдүү өнүгүү этабын башынан өткөрүп жатат: жаңы гидроэлектростанциялар курулууда, иштеп жаткан энергообъекттер модернизацияланууда, масштабдуу инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда. Мунун баары заманбап жабдуулар жана технологиялар менен иштөөгө жөндөмдүү көптөгөн адистерди талап кылат.
Меморандумда кадамдардын бүтүндөй бир комплекси каралган. Бул – билим берүү программаларын энергетика тармагынын муктаждыктары менен синхрондоштуруу, алдыңкы технологияларды эске алуу менен окуу пландарын жаңылоо, окуучуларды практикалык жактан даярдоону кеңейтүү. Кесиптик лицейлердин окуучулары окуу маалында эле реалдуу көндүмдөрдү жана тажрыйбаларды алуусу үчүн энергетика ишканаларында өндүрүштүк практикаларды уюштуруу пландалууда. Педагогдор жана өндүрүштүк окутуу чеберлери берген билим заманбап жана суроо-талапка ээ болушу үчүн алардын квалификациясын жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулууда.
Натыйжада квалификациялуу адистердин санынын өсүшү, жумушчу кадрларды даярдоонун сапатынын жогорулашы жана окуу программалары менен иш берүүчүлөрдүн талаптарынын ортосундагы ажырымдын азайышы күтүлөт. Кесиптик лицейлердин бүтүрүүчүлөрүнө кесиби боюнча жумуш табуу оңой болот, ал эми энергетика тармагы даярдалган кадрлардын агымын алат.
Бүгүнкү күндө Кыргызстандын башталгыч кесиптик билим берүү системасы 93 окуу жайды камтыйт, аларда 26 миңге жакын адам – болжол менен 15-17 жаштагы жаштардын 7% билим алат. Окутуу 120 жумушчу кесип, анын ичинде жеңил өнөр жай, IT, курулуш жана энергетика, боюнча жүргүзүлөт. Энергетика тармагы үчүн кадрларды даярдоо туруктуу өсүштү көрсөтүүдө: эгерде 2023-жылы 721 адам бүтүрүүчү болсо, 2024-жылы алардын саны 853кө чейин көбөйгөн, ал эми 2025-жылы 1093 окуучу окуудан өткөн. Энергетика тармагы үчүн адистерди даярдоо 24 кесиптик лицейде жүзөгө ашырылат, аларда окуу программалары дайыма жаңыланып, толукталып турат, ал эми ишканалар менен тыгыз кызматташтык такшалтмадан өтүүнү камсыз кылат жана бүтүрүүчүлөрдүн реалдуу иш шарттарына тез ыңгайлашуусуна өбөлгө түзөт.
Агартуу министрлиги менен Энергетика министрлигинин ортосундагы меморандумга кол коюлушу – билим берүү экономиканын өнүгүүсү менен жанаша жүрүшү үчүн, ал эми жаш адистер диплом гана албастан, өз келечегине ишеним артуусу үчүн маанилүү кадам.