Автор: Маалыматтык саясат сектору
18 Август 2025 ж. 11:35
Көрүлдү: 805
2025-жылдын 18-августу, Ош шаары. Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги уюштурган “Алтын Казык – доор өзгөрткөн билим” август педагогикалык форуму өз ишин баштады. Билим берүү тармагындагы жылдын эң башкы окуясы 400дөн ашуун катышуучунун: мугалимдер менен мектеп директорлорунун, бала бакчалар менен кесиптик лицейлердин кызматкерлеринин, жогорку окуу жайлардын, мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн башын бириктирди. Коноктордун арасында КР Президентинин Администрациясынын өкүлдөрү, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана алардын орун басарлары, ошондой эле Азия өнүктүрүү банкынын, ЮНИСЕФтин, Дүйнөлүк банктын, Европа Биримдигинин, Ага Хан Фондунун жана БУУнун өкүлдөрү бар.
Форумдун максаты – “Алтын Казык” программасын ишке ашыруунун алкагында билим берүүнү трансформациялоонун артыкчылыктарын жана натыйжалуу механизмдерин талкуулоо.
Форум Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун видео кайрылуусун көрсөтүү менен салтанаттуу түрдө ачылды. Мамлекет башчысы реформалардын стратегиялык маанисин жана мугалимдердин келечек муунду даярдоодогу өзгөчө ролун белгиледи.

Алгач КР агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева сөз сүйлөдү, андан кийин КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары Азамат Кадыралиев катышуучуларга кайрылуу жасады. Ал мамлекет билим берүү системасын өнүктүрүүгө, бул тармакка инвестицияларды көбөйтүүгө, заманбап мектептерди жана бала бакчаларды курууга, ошондой эле педагогдорду колдоо боюнча чараларга көңүл буруп жатканын баса белгиледи. Реформанын негизги кадамдары катары 12 жылдык окутууга өтүүгө, STEM багыттарын киргизүүгө жана мектепке чейинки билим берүү менен камтууну кеңейтүүгө өзгөчө басым жасалды.

STEM багыттарындагы тогуз педагогго – ар бир облустан жана эки шаардан бирден өкүлгө ноутбуктарды тапшыруу форумдун символикалуу учуру болуп калды. Бул кадам мамлекет билим берүүнү санариптештирүүгө жана жаңы технологиялар менен иштеген мугалимдерди колдоого багыт алганын айгинеледи.

Пленардык жыйында Ош шаарындагы Орунбай Курбанбаев атындагы № 63 мектебинин директору Алия Айтибаева сөз сүйлөдү. Ал билим берүү тармагына, жаңы мектептерди жана бала бакчаларды курууга, ошондой эле мугалимдерди заманбап технологиялар менен жабдууга көңүл буруп жатканы үчүн мамлекетке ыраазычылык билдирди. “Бүгүнкү мугалим сандан сапатка карай кадам таштоого – заманбап технологияларды өздөштүрүүгө, коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзүүгө жана балдарды билимди активдүү издегендерге айландырууга тийиш”, – деп баса белгиледи ал. Анын айтымында, педагогдордун башкы максаты – өз Мекенин сүйгөн жана тез өзгөрүп жаткан дүйнөдө жашоого даяр мекенчил муунду тарбиялоо.
Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков 12 жылдык билим берүүгө өтүү шартында мектептер менен ЖОЖдордун өз ара аракеттешүүсү тууралуу айтып берди. Ал ЖОЖдор мектеп реформасын колдоо менен гана чектелбестен, тез өзгөрүп жаткан дүйнөдө иштей ала турган, атаандаштыкка жөндөмдүү болгон жана заманбап ой жүгүрткөн адистерди даярдоого милдеттүү экенин белгиледи. “Бул үчүн мектеп бүтүрүүчүлөрүнө үзгүлтүксүз жана логикалык жактан курулган жогорку билим алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу зарыл”, – деп баса белгиледи ОшМУнун ректору.
ОшМУнун аймагында билим берүү тармагындагы жетишкендиктердин көргөзмөсү ачылды. Мында STEM/STEAM долбоорлору, санариптик платформалар, педагогикалык инновациялар, ошондой эле инклюзивдик билим берүүнүн ийгиликтүү тажрыйбалары көрсөтүлдү. Эки күндүн ичинде катышуучуларды панелдик талкуулар, секциялык отурумдар жана Оштогу мектептерге, бала бакчаларга жана лицейлерге практикалык экскурсиялар күтөт.
Форумдун көңүл чордонунда Кыргызстандын билим берүүсүн өнүктүрүүнүн негизги багыттары. Баарынан мурда, бул – 12 жылдык окутууга өтүү. Ушул окуу жылынан тартып эле 1, 2, 5, 7-класстар жаңы стандарттар боюнча иштей башташат, ал эми педагогдор квалификацияны жогорулатуу курстарынан өтүшөт. Мектептер акырындык менен жаңы окуу китептерине, электрондук ресурстарга жана окутуунун заманбап методдоруна өтөт.
Мектепке чейинки билим берүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Жаңы окуу жылынан тартып бала бакчалар 1 жаштан 5 жашка чейинки балдарды камтыган жаңыланган программалар менен иштей баштайт. Педагогдордун милдети – балдарды социалдаштыруу, негизги окуу көндүмдөрүн калыптандыруу жана коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзүү. 2030-жылга карата бүткүл өлкө боюнча балдардын кеминде 80% мектепке чейинки билим берүү менен камтууга жетишүү пландалууда.
Дагы бир маанилүү блок – кошумча билим берүү. Форумдун катышуучулары ийримдер, секциялар жана долбоорлор балдарга когнитивдик көндүмдөрүн өрчүтүүгө, социалдашууга жана өз таланттарын табууга кантип жардам берерин талкуулашат. Ошондой эле тарбия ишине, ата-энелер менен өз ара аракеттенүүгө жана коопсуз мектеп чөйрөсүн түзүүгө көп көңүл бурулууда.
Форумдун дагы бир багыты – кесиптик лицейлерди трансформациялоо. Бүгүнкү күндө экономиканын өнүгүүсү, айрыкча энергетика, туризм, айыл чарба жана IT сыяктуу тармактарда кадрларды даярдоонун сапатынан түздөн-түз көз каранды. Кеп окутуунун түзүмүн жана мазмунун модернизациялоо жөнүндө гана эмес, ийкемдүү билим берүү траекторияларын киргизүү, иш берүүчүлөр менен кызматташуу жана бүтүрүүчүлөргө жарым кесиптик деңгээлдеги сертификаттарды берүү жөнүндө да болуп жатат. Бул бүтүрүүчү аттестат менен катар кошумча көндүмдөрдү жана тастыкталган сертификатты (мисалы, башталгыч деңгээлдеги бухгалтер, ашпозчу, чачтарач, фермер же IT адис) ала алат дегенди билдирет. Мындай ыкма жаштарга эмгек рыногунда тезирээк ыңгайлашууга жана келечектеги кесибин аныктоого мүмкүндүк берет.
Педагогдорду даярдоо маселеси өзүнчө талкууланат. 12 жылдык билим берүүгө ийгиликтүү өтүү үчүн өлкөгө жаңы формациядагы мугалимдер керек. Алар – заманбап окутуу стандарттарын жана технологияларын билген, электрондук окуу китептери менен кантип иштөө керектигин түшүнгөн, окутуунун натыйжалуу ыкмаларын жана санариптик шаймандарды колдоно алган адистер. Кыргызстандын ЖОЖдору учурдун талабына жооп берген ушундай педагогдорду даярдоо милдетин өзүнө алышы керек.
Форумдун жыйынтыгы боюнча 19-августта жакынкы жылдарга Кыргызстандын билим берүүсүн өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын аныктай турган Резолюция кабыл алынат.
“Алтын Казык – доор өзгөрткөн билим” август педагогикалык форуму – жөн гана кесиптик жолугушуу эмес, ар бир бала заманбап жана сапаттуу билим алууга жетүүсү, ал эми мугалимдерди кесиптик жактан даярдоо жана кайра даярдоо системасы учурдун чакырыктарына жана эмгек рыногунун суроо-талаптарына жооп бериши үчүн мамлекеттин, коомдун жана эл аралык өнөктөштөрдүн күч-аракеттери бириккен мейкиндик.