Автор: Маалыматтык саясат сектору
18 Август 2025 ж. 11:28
Көрүлдү: 541
– Форумга катышып жаткан ар бир мугалим, анын ичинде мен дагы абдан толкунданып турам. Эгерде кыргыз билим берүүсүнө бүгүн 100 жыл болсо, туптуура 100 жылдан кийин “Доор өзгөрткөн билим” аттуу август педагогикалык форуму өтүүдө. Бул, албетте, өтө маанилүү тарыхый иш-чара.
Мындан ары ар бир облуста, райондо ушундай август кеңешмелери өтөт. Агартуучулар чогулуп алып, билим берүү системасындагы өзгөртүүлөрдү талкуулашат.
Бул жерде бүтүндөй Кыргызстандан келген алдыңкы агартуучулар: мектеп директорлору, STEM мугалимдери, райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, Ош шаарынын мэри, Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү жана өнөктөштөр катышууда.
Эмне үчүн бул иш-чара башкалардан айырмаланып турат? 12 жылдык билим берүүгө өтүүдө мугалимдер мамлекеттик жана предметтик стандарттар боюнча окуудан өтүштү. Бүгүн биз мугалимдер ошону канчалык деңгээлде түшүнүштү, жаңы окуу жылына кандай даярдыктар менен барабыз деген суроолорго жооп алабыз. Секциялык иштерде мектептик билим берүүнүн жаңы моделдерине өтүү, заманбап окуу китептерин даярдоо, балдардын чыгармачылыгын өнүктүрүү ж.б. маселелер талкууланат. Андан тышкары бүгүн биз президенттин мугалимдерге кайрылуусун угабыз.
Август педагогикалык форуму эмне үчүн “Доор өзгөрткөн билим” деп аталды? Анткени кыргыз билим берүүсү түптөлгөн күндөн бери бир кылым өттү. Баары өзгөрдү, башкача айтканда, эмгек рыногунун талаптары, бизди курчап турган чөйрө өзгөрдү. Жаңы имараттар, жаңы мүмкүнчүлүктөр, жаңы билим пайда болгондуктан мугалимдер да, окуучулар да тездик менен өзгөрүшү керек. Азыркы мугалимдер жасалма интеллекттин продуктусун өз ишинде, өз сабагында кантип пайдалана алат, “Уңгужол” программасынын баалуулуктарын кантип сактайбыз, балдардын мекенчилдик, жаратмандык сезимдерин кантип өрчүтөбүз, балдардын аналитикалык ой жүгүртүүсүн, жаратылышты коргоо көндүмдөрүн кантип ар бир предметте чагылдырабыз – мына ушул суроолорго айкын жоопторду чогуу издейбиз.