Автор: Маалыматтык саясат сектору
15 Август 2025 ж. 16:39
Көрүлдү: 516
2025-жылдын 14-августунда Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунун алкагында Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Россия Федерациясынын агартуу министри Сергей Кравцов жана РФнын илим жана жогорку билим берүү министри Валерий Фальков менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн жумушчу тобу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана предметтик стандарттарына ылайык иштеп чыккан жалпы билим берүү уюмдарынын 1-, 2-, 5- жана 7-класстарына арналган «Русский язык и чтение», «Русский язык», «Русская литература» жана «Русская и мировая литература» предметтери боюнча окуу китептерин өткөрүп берүү маселесин талкуулады. Бул китептер басылып чыккандан кийин быйылкы жылдын октябрь айында Кыргызстандын мектептерине жеткирилет.
Илим жана жогорку билим берүү министри В. Фальков менен кесиптик-техникалык окуу жайлардагы адистиктер боюнча кызматташуу жана педагогикалык адистиктер боюнча тереңдетип даярдоо маселелери да талкууланды.
Министр Д. Кендирбаева россиялык кесиптеши С. Кравцовго жана эки өлкөнүн биргелешкен жумушчу тобуна конструктивдүү кызматташтык үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирди.