ОШТО 18-19-АВГУСТТА БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНДАГЫ ЖЫЛДЫН ЭҢ БАШКЫ ОКУЯСЫ – АВГУСТ ПЕДАГОГИКАЛЫК ФОРУМУ ӨТӨТ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

15 Август 2025 ж. 11:19

Көрүлдү: 700

2025-жылдын 18-19-августунда Ош шаары бүтүндөй өлкөнүн көңүл борборуна айланат – бул жерде Кыргызстандагы билим берүүнүн келечегин талкуулоо үчүн мугалимдер, мектеп директорлору, министрликтердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, эл аралык уюмдардын жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өкүлдөрү чогулат.

post.title

Бул күндөрү Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги уюштурган «Алтын Казык – доор өзгөрткөн билим» август педагогикалык форуму өтөт.

Форум 400дөн ашуун катышуучунун – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Жогорку Кеңештин өкүлдөрүнөн тартып бала бакчалардын, мектептердин, кесиптик лицейлердин жана жогорку окуу жайлардын жетекчилерине чейин – башын бириктирет.

Коноктордун арасында Азия өнүктүрүү банкы, ЮНИСЕФ, Дүйнөлүк банк жана Ага Хан фонду сыяктуу эл аралык уюмдардын өкүлдөрү болот деп күтүлүүдө.

Программада өлкө жетекчилеринин катышуусундагы салтанаттуу ачылыш, ноутбуктарды символикалык түрдө тапшыруу аземи, STEM/STEAM инновацияларынын жана долбоорлорунун көргөзмөсү, санариптик платформаларды жана инклюзивдик тажрыйбаларды көрсөтүү каралган.

Панелдик талкууларда 12 жылдык билим берүүгө өтүү, мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү, жаңы окуу китептерин чыгаруу, кошумча билим берүүнүн ролу жана кесиптик лицейлерди жаңылоо сыяктуу эң маанилүү темалар талкууланат.

Секциялардагы жолугушууларда педагогдор, практиктер, билим берүү жаатындагы эксперттер жана жетекчилер тажрыйба алмашып, курч маселелерди чечүү жолдорун издешет.

Жаңы ыкмалар иш жүзүндө кантип киргизилип жатканын көрсөтүү үчүн Ош шаарындагы билим берүү уюмдарына экскурсиялар да уюштурулат.

Форум билим берүүнү өнүктүрүүдөгү андан аркы кадамдар үчүн багыт боло турган резолюцияны кабыл алуу менен жыйынтыкталат.

Бул – жөн гана иш-чара эмес, бул – билим берүү системасын өзгөртүүчү идеялар жарала турган аянтча. Бул жерде ар бир бала үчүн кантип мектепти заманбап, жеткиликтүү жана кызыктуу кылуу керектигин, бул максат үчүн мамлекеттин, аймактардын жана эл аралык өнөктөштөрдүн иш-аракетин кантип бириктирүү керектигин талкуулашат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар