Автор: Маалыматтык саясат сектору
12 Август 2025 ж. 13:53
Көрүлдү: 528
2025-жылдын 18-19-августунда Ош шаарында “Доор өзгөрткөн билим” август педагогикалык форуму болот.
Форум Кыргыз Республикасында башталгыч кесиптик билим берүү системасын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин, максаттарын жана келечегин талкуулоо үчүн негизги талкуу аянтчасы болуп калат. Борбордук тема Кыргызстандын заманбап экономикасынын шарттарында талап кылынган квалификациялуу жумушчу кадрларды даярдоонун сапатын жогорулатууга багытталган кайра түзүүлөр болот.
Форумда эмгек рыногунун талаптарын, санариптик трансформацияны жана туруктуу өнүктүрүү милдеттерин эске алуу менен кесиптик лицейлерди модернизациялоонун артыкчылыктуу багыттары талкууланат. Компетенттүүлүк мамилени киргизүүгө, билим берүү программаларын жаңыртууга, иш берүүчүлөр жана социалдык өнөктөштөр менен өнөктөштүктү бекемдөөгө, ошондой эле окуу процессине санариптик технологияларды интеграциялоого өзгөчө көңүл бурулат.
Форумдун ишине Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, кесиптик лицейлердин жетекчилери, иш берүүчүлөр, социалдык өнөктөштөр жана педагогикалык коомчулук катышат.
Август педагогикалык форуму заманбап, ийкемдүү жана талап кылынган башталгыч кесиптик билим берүү системасын – жумушчу кесип чынында эле келечекке жол көрсөтүүчү жылдызга айланган системаны түзүүгө карай маанилүү кадам болот.
Жумушчу кесип – келечекке жол көрсөткөн жылдыз!