Автор: Маалыматтык саясат сектору
11 Август 2025 ж. 18:17
Көрүлдү: 503
10-11августта Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылында өтүп жаткан «Жаңылыктын жарчысы» педагогикалык форумуна катышты. Бүгүнкү күндө төртүнчү агымдын катышуучулары, анын ичинде өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген мектеп директорлорунун орун басарлары жана методисттер окуудан өтүп жатышат.
Жолугушуу маалында Догдуркүл Кендирбаева педагогдор менен пикир алмашып, жаңы окуу жылынын өзөктүү милдеттерин талкуулады жана «Алтын Казык» билим берүүнү трансформациялоо улуттук программасынын негизги багыттары: билим берүү стандарттарын жаңылоо, 12 жылдык билим берүү системасына өтүү, жаңы окуу программаларын жана баалоонун заманбап ыкмаларын эске салды.
«Биз билим берүү системасын өзгөртүү жолундабыз. Силер өзгөрүүлөрдүн агенттерисиңер, ал эми силердин “кардарларыңар” – мугалимдер менен ата-энелер. Өз ишиңерде боорукерлик, кызматташтык, тилектештик жана катышуучулук сыяктуу баалуулуктарга таянгыла. Эми силердин милдетиңер – ынтымактуу команданы түзүү. Ооба, оңой болбойт, бирок команда менен максатка жетүү жеңилирээк», – деди министр.
Педагогикалык форум 15-августка чейин улантылат. Окутуу алты агымда өткөрүлөт. Иш-чарага жалпы 900дөн ашуун катышуучу тартылган. Форумдун максаты – мугалимдерди жаңыланган стандарттарга, окуу программаларына жана баалоо ыкмаларына ылайык 2025/2026-окуу жылына усулдук жана уюштуруучулук жактан даярдоо.