IOAI-2025: КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУ КОЛО МЕДАЛГА ЭЭ БОЛДУ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

10 Август 2025 ж. 11:46

Көрүлдү: 248

2025-жылдын 2–9-август күндөрү Кытай Эл Республикасынын Пекин шаарында Жасалма интеллект боюнча 2-Эл аралык олимпиада (International Olympiad in Artificial Intelligence — IOAI) өттү.

post.title

Мелдешке 61 мамлекеттен келген 300 окуучу жана 73 команда катышты. Олимпиада эки күнгө созулуп, ар күнү катышуучулар үчтөн тапшырманы аткарышты. Алар жасалма интеллекттин ар кайсы тармактарын — машиналык окутуу, табигый тилди иштетүү жана компьютердик көрүү багыттарын камтыды.

Кыргызстандын командасы жалпы 537 упай топтоп, 73 команданын ичинен 45-орунду ээледи. Команданын курамы Northern Eurasia OAI 2025 мелдешинин финалдык этабынын жыйынтыгы боюнча аныкталган.

Окуучулардын жыйынтыктары:

1.    Низовский Матвей – коло медаль, «Маариф» билим берүү комплекси.

2.    Семён Богуславский – катышуучу, №61 орто мектебинин 11-классынын окуучусу.

3.    Акниет Кенжегулов – катышуучу, №61 орто мектебинин 11-классынын окуучусу.

4.    Исхак Тажибаев – катышуучу, «Кут Билим» билим берүү комплексинин 11-классынын окуучусу.

Команданын жетекчиси: Ишматов Мамат, «Газпром» Олимпиадалык борбору.

Тренерлер:

1.    Александр Гущин – Борбордук университет.

2.    Андрей Кузнецов – Борбордук университет.

3.    Рахимов Руслан – T-Bank AI Research.

4.    Омурканов Тургунбек – МБанк.

5.    Тимур Туратали – AI Academy, Кыргызстандагы ЖИ коомчулугунун негиздөөчүсү, МБанк.

6.    Эрмек Айтыгулов – ML-инженер, «Звук».

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар