ЖАКЫНДА МЕКТЕПКЕ КАТТАЛА ЭЛЕК БАЛДАР ҮЧҮН 1-2-КЛАССТАРГА КОШУМЧА ОРУНДАР АЧЫЛАТ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

9 Август 2025 ж. 15:17

Көрүлдү: 7824

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги бүгүнкү күндө бир дагы мектепте катталбаган бардык балдарды биринчи жана экинчи класстарга киргизүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу максатында мектепке электрондук каттоо системасында кошумча орундар ачылаарын билдирет.

post.title

2025-2026-окуу жылына кошумча кабыл алуу 2025-жылдын 13-августунда саат 09:00дө башталат жана 2025-жылдын 8-августуна карата бир дагы мектепте катталбаган балдар үчүн гана жеткиликтүү болот.

Балдары мектепке катталган системанын колдонуучулары үчүн "жазууну жокко чыгаруу" функциясы жеткиликсиз болот.

Ата-энелер жана мыйзамдуу өкүлдөр баласынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү "Түндүк" тиркемесиндеги "Санариптик документтер" бөлүмүндө чагылдырылгандыгын алдын ала текшерип, баланы "мектепке электрондук каттоо" кызматы аркылуу "Түндүк", "Мбанк" жана МойО!+ Банк же 1mektep.edu.gov.kg. порталынан катташы керек.

Министрлик балдарды мектепке электрондук каттоонун экинчи этабы 2025-жылдын 15-августунда аяктаарын дагы бир жолу эскертет.

Кошумча орундар ачыла турган мектептердин тизмеси менен төмөнкү шилтемеден таанышсаңыздар болот: /media/uploads/2025/08/09/ggzdfg.xlsx 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар