Автор: Маалыматтык саясат сектору
8 Август 2025 ж. 22:09
Көрүлдү: 525
Кыргыз Республикасынын Агартуу министринин орун басары Альберт Махметкулов Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында министрликтин адистери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары менен биргеликте билим берүү уюмдарынын абалы менен таанышты.
Иш сапардын негизги максаты — билим берүү объекттеринин инфраструктурасын кароо, коопсуздук чараларынын камсыздалышын баалоо жана окуу-тарбиялоо процесстеринин сапатына байланыштуу актуалдуу маселелерди жеринде талдоо болду.
Мындан тышкары, мамлекеттик жана жеке менчик бала бакчалардын жетекчилерине мектепке чейинки билим берүү тармагындагы өзгөрүүлөр, жаңы кабыл алынган укуктук-ченемдик актылар жана ваучердик механизмди пилоттук негизде сыноо боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.